Turmush — Кыргызстандан чыккан алгачкы космонавт Салижан Шарипов Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы жатак мектебине барды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин катышты.
Кыргызстандык алгачкы космонавтты окуучулар жол бойлой тизилип күтүп алышып, окуучулар тарабынан уюштурулган театралдык программаны тартуулашты.
Салижан Шарипов космоско чыгуу оор машакаттарды талап кыларын айтып, анын учкуч болуу кыялы алгачкы ирет мектеп жашынан башталганын, андыктан окуучулар өзүнүн кыялынын үстүнөн талыкпай эмгектениши керектигин айтты. Космонавт окуучулардын суроолоруна жооп берип, өзүнүн өмүр жолу чагылдырылган китепти мектепке белек кылды.
Салижан Шарипов Терешкова жатак-мектебине чейин Гагарин атындагы мектепке да барган.
Салижан Шарипов 1964-жылы 25-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөндөн орто мектепти, Россиядагы Приморье жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу илимий-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган.
Ал 1998-жылы 22-январда америкалык-россиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Россиянын 88-космонавты, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп «Шаттл-Спейc» космос кемеси менен космоско учкан. Космостон «Шак» деген ысым алган.
Космоско Россиянын атуулу катары учкан. Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын баатыры.