Turmush — «Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад — 2026» жаштар форумунун алкагында шаардагы жаш мугалимдер, студенттер жана мектеп окуучулары үчүн «Кыргызстан жаштар кыймылы» коомдук бирикмеси «Евразия» автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен «Акылман ордо» интеллектуалдык оюнун уюштурду.
«Евразия Кыргызстан» аймактык кеңсесинин жетекчиси Кымбат Урумкулованын айтымында, оюндун программасына катышуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган Кыргызстан менен Орусиянын тарыхы жана маданияты боюнча суроолор киргизилген.
«Мындай иш-чаралар бизди кененирээк ой жүгүртүүгө жана команда менен иштөөгө үйрөтөт. Бул жерде жөн гана интеллект эмес, өзүнө ишенген жана келечектин чакырыктарына даяр инсан калыптанат. Айрыкча оюнда тарыхыбыз, маданиятыбыз, маанилүү окуялар жана заманбап ой жүгүртүү темаларынын айкалышканы баалуу», — деди Кымбат Урумкулова.
Сынактын программасы логикалык тапшырмалардан, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу суроолордон, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тарыхы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан тапшырмалардан турду. Интеллектуалдык таймашта 15 жалпы билим берүүчү мектептин педагогикалык жамааттары ат салышты.
Жыйынтыгында 1-орунду №19 мектептин мугалимдери жеңип алып, 30 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушту. 2-орун жана 20 миң сомдук сертификат №24 мектептин жамаатына ыйгарылды. Ардактуу 3-орунду №25 мектептин мугалимдери ээлеп, 10 миң сом өлчөмүндө сыйлык алышты.