Turmush — Гүлбарчын Таштанбекова Манас шаарынын мэринин орун басары кызматынан бошотулду. Ал бул маалыматты Turmush басылмасына өзү тастыктады.
Анын айтымында, өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.
46 жаштагы Г.Таштанбекова 2021-жылдын апрель айында Жалал-Абад шаарынын [учуруда Манас шаары] мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматына дайындалган болчу. Ага чейин бир нече жыл банктарда юрист болуп эмгектенген.