Turmush — Кадамжай районунун Охна айылынын тургуну Гүлназира Бөрүева бир нече жылдан бери бүлдүркөн өстүрүп сатууда. Аймактык кабарчы дыйкан айымдан кабар алды.
Анын айтымында, Кадамжайда бүлдүркөнкө талап азыраак болгондуктан, аны алгач өзүнүн уулу Чүйдө өстүрүп, чет өлкөгө сатууну колго алган. Учурда торнфри (thornfree), лох нес (Loch Ness) деген сортторун өстүрүп жатат.
«Мындан 4-5 жыл мурда бүлдүркөндүн лох нес (Loch Ness) сыяктуу 2-3 сортунан ар бир көчөтүн 80-100 сомдон сатып алып 1,5 гектарга жакын жерге отургузганбыз. Бул өсүмдүк өзгөчө камкордукту талап кылат. Жыл сайын 1,5-2 метр калтырып кыркуу жүргүзүлөт, асты жумшартылып, сугат суусун өз убагында коюп туруу керек.
3-4 жыл дарыланган жок. Быйыл эми ар кандай ооруларга каршы дарылап жатабыз. Июнь айынан баштап, ноябрь айына чейин терим болуп, 3 күндө бир терип сатабыз. Бир теримде 3 килограммга чейин теребиз. Негизинен башка мамлекеттерге экспорт болот. Сатып алуучулардын буюртмасына карап терип, даярдап беребиз. Убагында терилбесе бышып эзилип кетет«», - деди ал.
Каарманыбыз бүлдүркөндөр канча сомдон сатыларын да айтып берди.
«1 килограммы сезонго карап, 150 сомдон 320 сомго чейин сатылат. Кадамжайда 1 килограммын 150 сомдон сатабыз. Көчөтү азыраак алгандарга 60 сомдон, дүң алгандарга 50 сомдон сатылууда. Бүлдүркөн кондитердик азыктарды кооздоодо, торттордун үстүн жасалгалоодо кеңири колдонулат. Ден соолукка пайдалуу, кантка бай жемиш болуп эсептелет.
Мындан сырткары, малина көчөттөрүн да өстүрүп, 20 сомдон сатабыз», - деди ал.
Лох нес (Loch Ness) сортундагы бүлдүркөндөр Шотландиядан чыккан, тикенексиз жогорку түшүмдүү болот. Бул сорттун жемиштери конус сымал, кара-көк түстө, тыгыз, карагаттын күчтүү жыты бар, ири, салмагы 5 гр чейин, таттуу, абдан жакшы даамдуу. Бадалдары компакттуу, кыска бутактары бар, бийиктиги 1,5-1,8 метр болот. Таянычсыз да өсө алат. Түшүм жыйноо августтун экинчи жарымынан башталып, үшүккө чейин уланат. Жемиштери ташууга жарактуу, жакшы даамдуу бойдон алыс аралыкка ташууга жарайт. Сорт өзүн-өзү чаңдайт, илдеттерге туруктуулугу жогору. Туура кам көрүү менен түшүмдүүлүгү бадалдан 15 кг чейин болушу мүмкүн.
Торнфри (Thornfree) сортундагы бүлдүркөндөр АКШда чыгарылган, эң популярдуу жана көптөн бери сыналган сортторунун бири. Ал багбандар тарабынан жогорку түшүмдүүлүгү, тикенсиздиги жана ооруларга туруктуулугу үчүн бааланат. Кубаттуу бутактары алгач өйдө өсүп, андан кийин жерге ийилип, 4-5 метрге жетет. Түшүмдүүлүгү абдан жогору. Бир чоң бадалдан 10 кг 25 кг чейин мөмө жыйноого болот. Бышуу мөөнөтү кеч келет. Мөмө берүү августта башталып, сентябрга чейин уланат.