Turmush — Ысык-Көлдөн чыккан жаш спортчу Бексултан Жекшенакунов Казакстанда өткөн мотокросс боюнча чемпионатта 1-орунду ээледи. Бул тууралуу анын атасы — мотокросс боюнча машыктыруучу Түгөлбай Абылкасымов билдирди.
Анын айтымында, өзү Каракол шаарында туулуп-өсүп, учурда да ошол жерде жашайт.
«Бул спортко болгон кызыгуум 3-4 жыл мурун башталган. Ошондон бери тынымсыз машыгып, бир топ ийгиликтерге жетиштим. 2025-жылы “Жылдын мыктысы” наамына ээ болгом. Мурда Караколдо мотокросс менен алектенгендер аз болчу. Мен бул спортко 2022-жылы кызыгып баштап, Кыргызстандын ичинде өткөн мелдештерге катышып жүрдүм. Кийин Казакстандагы жарыштарга да барып, жакшы ийгиликтерди жарата алдым. Акыркы 2-3 жыл ичинде жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп келем. Азыр Ысык-Көл облусундагы Каракол командасын жетектеп, спортчуларды даярдап, машыктырып жатам. Ошондой эле Кыргызстандын абсолюттук чемпиону да болгом. Жакында Баткенде өтө турган мелдешке дагы барабыз», — деди ал.
Анын уулу Бексултан Жекшенакунов 2013-жылдын 18-мартында төрөлгөн. Атасын көрүп, мотокросс спортуна кызыга баштаган. Бир жылдан бери машыгып, учурда атасы менен бирге даярдыктан өтүп жүрөт.
«Мотокросс — абдан кызыктуу, бирок ошол эле учурда физикалык жактан күчтүү болууну талап кылган спорт. Бул жерде чыдамкайлык, эрктүүлүк жана чоң эмгек керек. Балам алгач 2025-жылы өткөн Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду алган. Тынбай машыгуунун натыйжасында чоң ийгилик жаратып, 2026-жылдын 28-мартында Казакстанда өткөн чемпионатта мотокросс боюнча 1-орунду багындырды. Бул жеңиш анын спортко болгон ишенимин дагы бекемдеди», — деди атасы.
Маалыматка караганда, акыркы мелдеш Алматы шаарына өткөн. Ага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан келген спортчулар катышкан.
Учурда Бексултан Каракол шаарындагы Кыдыр аке атындагы мектепте 6-класста билим алат. Анын эң чоң кыялы — мотокросс боюнча дүйнөдөгү эң мыкты спортчулардын бири болуу.
Түгөлбай Абылкасымов мотокросс спортун туризм менен айкалыштырып өнүктүрүүгө аракет кылып жатканын айтты.
«Акыркы учурда бул спорт дүйнө жүзүндө тездик менен өнүгүп жатат», — деди ал.