Turmush — Бүгүн, 1-апрель күнү Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратындагы өрттөн эч ким жабыр тарткан жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, өрт кыска убакыттын ичинде өчүрүлгөн. Учурда анын келип чыгуу себептери такталууда.
Облустун жетекчилигин абалды жеринен көрүп, калкты тейлөө кызматтарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында мобилдик кабылдамаларды уюштурууну тапшырды.
Ошондой эле Баткен шаарынын мэрине кыска мөөнөттө ылайыктуу имарат табуу жана борборду убактылуу ошол жайга жайгаштыруу боюнча тапшырма берди.
- ӨКМ буга чейин Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунан өрт чыгып, жалын саат 08:37де толук өчүрүлгөнүн кабарлаган.