Turmush — Жалал-Абад облусунда кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, айрым шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, алардын орун басарлары алмашты. Учурда жаңы жетекчилер район, шаар активдерине тааныштырылып жатат.
Turmush басылмасы кызматтан кимдер кетип, кимдер келгени боюнча маалымат топтоду.
- Исмаилов Уларбек Тавалдиевич президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Нурлан Эрматов иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2025-жылдын январь айында дайындалган болчу.
-------------------------------------------------------
- Базылбеков Манасбек Базылбекович президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратын жетектеди.
- Буга чейин аталган кызматта Адилет Акбаралиев иштеп келген. Ал бул кызматка 2025-жылдын июль айында дайындалган болчу.
-------------------------------------------------------
- Кулубаев Дамир Садырбекович Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.
- Буга чейин Сузак районун акими кызматында Баратбек Сыдыкназаров иштеп келген. Ал бул кызматка 2021-жылдын 22-майында дайындалып, 2026-жылдын 6-мартында кызматтан бошотулган.
-------------------------------------------------------
- Асел Сансызбаева Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Азамат Маматжанов иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2024-жылдын июнь айында дайындалган.
-------------------------------------------------------
- Алтынбек Бектуров Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды.
- Буга чейин Базар-Коргон районунун акими кызматында Талантбек Эдилов иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2025-жылы март айында дайындалган болчу.
-------------------------------------------------------
- Канышай Кадырова Базар-Коргон районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Асел Сансызбаева иштеп жаткан. Ал Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
-------------------------------------------------------
- Ниязбек Козуев Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Данияр Малабеков эмгектенип келген. Ал бул кызматка 2025-жылдын март айында дайындалган болчу.
-------------------------------------------------------
- Темирболот Абыкеев Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Руслан Айтбаев иштеп жаткан. Ал бул кызматка 2024-жылдын 19-июлунда дайындалган болчу.
-------------------------------------------------------
- Түгөлбай Муратов Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматты Муктар Шербаев аркалап келген. Ал Нарын облусунун Ак-Башы районуна аким болуп дайындалды.
-------------------------------------------------------
- Алмаз Байгазиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Алтынбек Жумаев иштеп жаткан.
-------------------------------------------------------
- Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Нуртилек Орозбаев иштеп жаткан. Ал аталган кызматка 2024-жылдын 26-августунда дайындалган болчу.
-------------------------------------------------------
- Туркбаев Каныбек Бактыбекович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматты Манас Абдыкалыков ээлеп келген. Ал кызматта 8 ай иштеди.
--------------------------------------------------------
- Данияр Малабеков Көк-Жаңгак шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматты Сыргак Замирбек уулу аркалап келген.
- Махабат Токуева Чаткал районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
- Буга чейин аталган кызматта Топчубек Эшбаев иштеп келген.