Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 26-27-март күндөрү «Жылдын мыкты мугалими-2026» сынагы өткөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сынакка жалпы 12 мугалим катышып, педагогикалык ишмердүүлүктөрүн жайылтуу максатында иш алып барышты.
Жыйынтык:
- «Жылдын мыкты мугалими-2026» сынагынын баш байгеси — Туралы Темиров атындагы №6 мектептин физика мугалими Асан кызы Наздана;
- 1-орун — Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими Аскарбекова Айзада Талантбековна;
- 1-орун —Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элубекова Элегия Элубековна;
- 2-орун — Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими Тазова Жазгүл Айтмурзаевна;
- 3-орун — Токтогул атындагы №1 жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими Какеева Махабат Равиловна;
- 3-орун — Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстардын мугалими Тилекматова Наргиза Нурсеитовна.
Номинациялар:
- «Мыкты башталгыч класс мугалими» номинациясы — Кийикбаева Рысгүл Добуловна, Фрунзе атындагы №3 ЖОББМдин башталгыч класстардын мугалими;
- «Мыкты мотиватор мугалим» — Аденова Гулдана Нурмаматовна, Ч.Түлөбердиев атындагы №2 ЖОББИМдин англис тили мугалими;
- «Мыкты креатив мугалим» — Каракозуева Гулбайра Кыязбековна, Шопоков атындагы №4 ЖОББМдин башталгыч класстардын мугалими;
- «Мыкты STEM мугалим» — Матисманова Эльмира Мухтарбековна, Токтогул атындагы №1 ЖОББМдин башталгыч класстардын мугалими;
- «Мыкты чыгармачыл мугалим» — Эрмекбаева Индира Аскарбековна, Хуриев атындагы №5 ЖОББМдин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- «Мыкты изилдөөчү мугалим» — Парпиева Айсулуу Мамадалиевна, Шопоков атындагы №4 ЖОББМдин тарых мугалими.
Сынакка катышкан мугалимдер дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
----------------------------------------------------------------
Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.
Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.
Акыркы маалымат боюнча, Кара-Көл шаарынын калкынын саны 28 101 адамды (2024-жылга карата 27 823 адамды түзгөн) түзөт.