Turmush — Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылынан чыккан коомдук ишмер Турганбай Кожалиев жалган жалаа менен сталиндик репрессияга туш болгон. Ал тууралуу Тогуз-Торо райондук тарыхый этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери Асель Калматова айтып берди.
Анын айтымында, Турганбай Кожалиев 1914-жылы Тогуз-Торо айылынын Чет-Булак кыштагында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен эле турмуштун оор шарттарын көрүп, эмгекке эрте аралашкан. Ошол мезгилде айыл жергесинде билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, ал 1922-1926-жылдары айылдагы молдодон сабак алган. 1927-жылы Чет-Булак айылында мектеп ачылып, ошол мектептен билим алат. Алгач араб арибинде, кийин латын тилинде окуйт.
17 жаштагы депутат
Турганбай Кожалиев 1930-жылы ал Бүткүл союздук ленинчил жаштар коммунисттик союзуна (ВЛКСМ) мүчө болуп кабыл алынып, ошол мезгилдеги жаштар кыймылынын активдүү өкүлдөрүнүн бири болуп калат. 1931-жылы 17 жаш курагында Тогуз-Торо айылдык кеңешине депутат болуп шайланат. Бул мезгил өлкөдө коллективдештирүү, кулактарды тап катары жоюу, жаңы коомдук түзүлүштү орнотуу сыяктуу татаал жана жооптуу саясий процесстер жүрүп жаткан учур эле. Турганбай Кожалиев бул иштерге түздөн-түз катышып, кедей дыйкандардын кызыкчылыгын коргоодо активдүүлүк көрсөткөн.
Ошол эле 1931-жылы Атай айылдык кеңешинде ширпотребсоюз уюштурулуп, анын биринчи төрагасы болуп дайындалат.
Тогуз-Торо районун түзүү
Билим алууга умтулган Турганбай Кожалиев 1931-жылдын сентябрь айында Фрунзе шаарындагы колхоз-курулуш техникумуна окууга өтүп, 1933-жылы ийгиликтүү аяктайт. Окуусун бүтүргөндөн кийин Тогуз-Торо айылындагы Совет колхозунда башкарма болуп иштеп, айыл чарбасын уюштурууда чоң салым кошкон. 1933-жылы сентябрда айылдык кеңештин катчысы болуп дайындалып, ушул эле жылдын октябрь айынан тартып төрагалык кызматты аркалаган.
1934-жылы Жалал-Абад райондук кеңешинин II съездине делегат болуп шайланып, ал жерде Тогуз-Торо айылдык кеңешинин иши боюнча маалымат берип, доклад жасаган. 1935-жылы Кыргыз АССРинин IV съездине делегат болуп катышып, тарыхый мааниге ээ демилге көтөргөн. Ал Тогуз-Торо аймагын өз алдынча район кылып түзүү маселесин сунуштап, бул демилге колдоо табат. Натыйжада 1936-жылы Тогуз-Торо району расмий түрдө түзүлөт.
Жалган жалаа жана репрессия
Ошентип, район түзүлгөн учурда Турганбай Кожалиев айылдык кеңештин төрагасы жана райисполкомдун жооптуу катчысы болуп иштеп, жаңы районду уюштурууда башкы фигуралардын бири болгон. Анын жетекчилиги менен Казарман айылы район борбору катары түптөлүп, мектеп, оорукана, административдик имараттар, турак жайлар курулган. 1 жыл ичинде 44 имараттын курулушу бүткөрүлүшү анын уюштуруучулук дараметинин жогорку деңгээлде экенин көрсөтөт.
1937-жылы Ак-Талаа району Тогуз-Тородон бөлүнүп чыкканда ал жакка жооптуу катчы болуп жиберилет. Бирок 1938-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынат. 1939-жылы толугу менен акталып чыгып, кайрадан эл кызматына кайтып келет.
Жалган жалаа менен камалып чыккандыгына карабастан Турганбай Кожалиев кайрадан коомдук саясий иштерге аралаша баштайт. Ал комсомол жана партиялык кызматтарда иштеп, райондук комитеттин комсомолунун 1-катчысы болуп шайланат. 1940-жылы коммунисттик партиянын мүчөсү болуп кабыл алынган. Ошол эле, жылы райондук комитеттин кадрлар бөлүмүндө инструктор болуп иштеген. 1941-1946-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда иштеп, СССРдин даярдоо министрлигинин өкүлү катары айыл чарба продукцияларын жыйноо жана мамлекетке жеткирүү иштерин уюштурган. Анын жетекчилиги менен Тогуз-Торо району пландарды ашыгы менен аткарып, фронтту азык-түлүк жана аттар менен камсыз кылган. Бул эмгеги үчүн 1944-жылы Коргоо комитетинин Кызыл туусу менен сыйланган. Ал эми өзү «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана «Даңктуу эмгеги үчүн» медалдарына ээ болгон.
Миллионер чарба
1946-жылдан кийин да мамлекеттик жана партиялык кызматтарда ишин улантып, Кочкор районунда министрликтин өкүлү, райондук комитеттин 2-катчысы, Жумгал райкомунун 2-катчысы болуп иштеген. 1952-1954-жылдары Кочкор райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп, Кара-Кужур–Соң-Көл жолун жана бир нече каналдарды курууну уюштурган. Бул аймактын экономикасынын өсүшүнө чоң түрткү берген. 1958-жылы партиянын жолдомосу менен артта калган чарбаларды көтөрүү максатында Ак-Талаа районундагы 1-Май колхозу (азыркы Кош-Дөбө айылы) жетекчи болуп барган. 1964-жылга чейин иштеп, колхозду республикадагы алдыңкы миллионер чарбалардын бирине айландырган. Ал 1974-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Турганбай Кожалиев 1994-жылы акка моюн сунган.