Turmush — Жумгал районунун Чаек айылында «Чаек» муниципалдыкишканасына тиешелүү таштанды төгүлүүчү жайы иреттелип, жолдогу таштандылардан тазалоо иштери жүрдү.
Муниципалдык ишканасынын башчысы Элмира Мамбетованын маалыматында, аталган жайга күн сайын 5-6 айылдан чогултулуп келинген таштандылар төгүлөт.
Күн сайын тонналаган таштандылар ал жактан атайын сорттолуп, иргелет. Ошону менен бирге таштанды жайына барчу жолдор сүрүлүп, таштанды жайына жетпей ташталган таштаныдар тазаланды.