Turmush — Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы — милициянын полковниги Жолболду Көчкөнов Жумгал районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жыйынга негизинен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, мугалимдер жана агартуу тармагынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда облустук милициянын башчысы аймактагы кылмыштуулук, укук бузуулар жана коомдук коопсуздук боюнча маалымат берди. Андан соң эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы байланыш, нааразычылыктар жана көйгөйлөр боюнча суроо-жооп уюштурулду.
Жыйындын жүрүшүндө тургундар негизинен жол коопсуздугу маселесин көтөрүштү. Алар түндүк—түштүк альтернативдүү унаа жолунун айыл аралап өткөн тилкелеринде видеобайкоо камераларынын жоктугун, жол белгилеринин жетишсиздигин жана мунун айынан жол кырсыктары көбөйүп жатканын айтышты.
Мындан тышкары, көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалардын ылдамдыгын азайтуу, мал уурулугунун алдын алуу жана айрым тергөөчүлөрдүн ишине байланышкан нааразычылыктар да айтылды.
Өз кезегинде жетекчилер көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилерин билдиришип, орчундуу суроолорго жооп беришти. Ошондой эле жарандардын арыз-муңу кабыл алынып, айрым маселелерди жеринде чечүү жолдору каралды.