Turmush —
Манас районунда каналдар тазаланып жатат. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын сугат өнөктүгүнө даярдык көрүү максатында аймакта ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар иштер пландуу жана ырааттуу жүргүзүлүүдө.
«Учурда Саза каналынын 210 метр аралыктагы бөлүгүндө оңдоо-түздөө иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда каналдын эскирген тилкелери калыбына келтирилип, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул иштер суунун жоготуусун азайтып, аны натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, ички чарбалык арык-каналдарды тазалоо иштери да кеңири жүргүзүлүүдө. Убакыттын өтүшү менен ылай, таш жана башка тоскоолдуктар менен толуп калган арыктар тазаланып, суу эркин агышы үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Бул өз кезегинде талааларга сугат суунун өз убагында жетишин камсыз кылат.
Аталган иштерге тиешелүү кызматтар жана жергиликтүү тургундар тартылып, биргелешкен аракеттер көрүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.