Turmush — Искендер Пазылов Ош облусунун Чоң-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов 2026-жылдын 25-мартында кол койду.
Пазылов Искендер Сайдиллаевич 1980-жылы Дароот-Коргон айылында туулган.
Билими:
- 1998-2003-жылдары — Ош технологиялык университети, финанс-экономикалык факультети. Адистиги: бухгалтердик эсеп жана аудит.
Иш тажрыйбасы:
- 2003-2006-жылдары — Чон-Алай райондук финансы бөлүмү, жетектөөчү адис;
- 2006-2008-жылдары — Чон-Алай айыл өкмөтү, эсепчи;
- 2008-2014-жылдары — «Компаньон» банкы, ага кредиттик адис;
- 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин — Чон-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын бөлүм башчысы, башкы эсепчи.
Чоң-Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы болуп буга чейин Куттубек Абдуллаев иштеп келген. Ал өз каалоосу боюнча кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазды.