Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Ж.Бакиев көчөсүндө тротуар булгаган жана казуу иштерин жүргүзгөн жарандарга айып пул салынды.
Мэриянын маалыматына караганда, мэриянын алдындагы жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын муниципалдык инспекция бөлүмү тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде тиешелүү чаралар көрүлдү.
Тактап айтканда:
- тротуарларды курулуш калдыктары менен булгаган жеке тарапка 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды;
- жол жээгин өз алдынча казып, уруксатсыз иштерди жүргүзгөн жаранга 5500 сом өлчөмүндө айып пул каралды.
Муниципалдык инспекция жарандарды жана чарба субъекттерин шаар аймагында тазалыкты сактоого, ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүүдө белгиленген эрежелерди так сактоого чакырат.