Turmush — Кечээ, 24-мартта Талас районунун Көк-Ой айылында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, имараттын курулушу 2025-жылдын август айында башталып, министрликтин эсебинен курулду. Долбоорго ылайык, жалпы 276 чарчы метрди ээлеген 2 кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар.
Белгилей кетсек, аталган башкармалыктын кызматкерлери буга чейин 1973-жылы турак үй багытында курулган имаратта иштеп келген.