Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акыев атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулар үчүн тигүү ийрими ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына мектеп директору Кудайберген Чалов билдирди.
Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүдөгү артыкчылыктуу багыттарын бири болгон тигүү ийрими учур талабы.
«Окуу кружогун эффективдүү өтүү жана теорияны практика менен айкалыштыруу үчүн 9 даана тигүүчү машина жана 1 даана оверлокту ишке киргизип, кездеме, жип жана башка керектөөчү шаймандар менен камсыз кылдык. Азыркы учурда 9-10-11-класстын окуучу кыздары жигердүү катышууда. Бул ийримде үйрөнүп чыккан көндүмдөр окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө зор таасирин тийгизип, финансылык мүмкүнчүлүктөрүн арттыра алат деген тилектебиз.
Андан тышкары мугалим, окуучулар үчүн мектептин маданий-массалык иштерине керектелүүчү кошумча кийимдерди тигүү колго алынды. Ийримди мугалимибиз Назира Жакыбалиева алып барууда. Азыр балдар тигүүнү жакшы өздөштүрүп жатышат», - деди Чалов.