Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында муниципалдык бассейнге кирүү тарифтери көтөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында «Манас» спорт комплексинин жабык бассейнинин акы төлөнүүчү кызматтарына жаңы баалар бекитилди.
Токтомго ылайык, бардык жарандар үчүн бассейнге кирүүнүн акысы жогорулады. Мисалы, чоңдор үчүн бир жолку кирүү билетинин баасы 200 сомду (буга чейин 120 сом) түзөт, ал эми бир айлык жазылуу — 1800 сом (буга чейин 1000 сом болгон).
16 жашка чейинки балдар үчүн бир жолку кирүү 100 сом (буга чейин 50 сом), ал эми бир айлык жазылуу 500 сом болот. Пенсионерлер үчүн бир жолку кирүү 100 сом (буга чейин 40 сом) жана бир айлык жазылуу 500 сом (буга чейин 300 сом) деп белгиленди.
Кара-Балта шаарынын мэриясынын маданият жана спорт башкармалыгынын башчысы Жеңиш Айдарбаевдин айтымында, тарифтерди кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыккан. Анткени учурдагы баалар көп убакыттан бери өзгөрбөй, бассейди кароого кеткен чыгымдарды да жапкан эмес.