Turmush — Жайыл райондук ооруканасынын аймагында имараттарды капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Буга байланыштуу кээ бир бөлүмдөр убактылуу «төмөнкү» ооруканага которулду. Бул тууралуу оорукананын директору Нурбек Жумабаев билдирди.
Буга чейин төмөнкү ооруканада эки бөлүм — неврология жана терапия жайгашкан. Эми аларга отоларингология (ЛОР) жана кардиология бөлүмдөрү кошулду.
Жетекчинин айтымында, төрт бөлүмдү жайгаштырууга жер жетиштүү. Бирок бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн белгилүү ыңгайсыздыктар бар. Оңдоп-түзөө иштери Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Жакында эле оңдолгон төрөт жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнөн тышкары оорукана бардык имараттарын жаңылоо пландалууда. Учурда балдар бөлүмү убактылуу жугуштуу оорулар корпусуна жайгаштырылды.
Нурбек Жумабаевдин айтымында, жаңы балдар бөлүмү үчүн имаратты оңдоо иштери өткөн жылы эле башталган.
«Биз Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кайрылдык. Бөлүмдүн абалына байланыштуу жашоочулардын даттанууларын жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын санитардык ченемдерге жооп бербегендиги жөнүндөгү талабын тиркедик. Натыйжада бизге 13 миллион сом бөлүнгөн. Дагы 2 миллион сом — атайын эсептин каражаты. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы суммасы 15 миллион сомду түздү», - деди директор.
Бул сумманын ичинен болжол менен 9 миллион сому ички жумуштарга, 2 миллион сому электр зымдарын алмаштырууга, 1,5 миллион сому жылытуу системасына жумшалат. Балдар бөлүмү 40 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга толугу менен жооп берет.
Анда душ кабиналары, дааратканалар, ошондой эле изоляциялык бокстар каралган. Жогорку деңгээлдеги ыңгайлуу палаталар да уюштурулат. Имараттын биринчи кабатында коргоочу тосмо орнотуу да пландалууда.
Директордун айтымында, оңдоо иштери жай мезгилинде бүткөрүлөт. Объект ишке берилгенден кийин травматология, хирургия жана реанимация бөлүмдөрү убактылуу которулат (капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганга чейин).