Turmush — Чүй районуна караштуу Кегети айылынын 39 жаштагы тургуну Мээрим Окешова 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы билдирди.
Анын айтымында, кызы 25-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.
«Акыл-эс жагынан жабыркап келет. Жолдошу жок, 1 кызы бар. Акыркы жолу Сокулук району жактан көрдүк деген маалыматтар бар. Башка эч бир маалымат жок болуп жатат», - деди ал.
Мээрим Окешованы көргөн-билгендер болсо 0702 994 631 номерине кабарлап болот.