Turmush — Болотакунов Кыргызбек Болотакунович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, тиешелүү туйрукка Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Мухтар Шербаев 2026-жылдын 19-мартында кол койду.
Кыргызбек Болотакунов 1994-жылы 4-октябрында Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган.
Билими:
- 2012-2017-жылдары — Кыргыз улуттук агрардык университети, ветеринардык медицина жана биотехнология факултети;
- 2019-2024-жылдары — Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.
Эмгек жолу:
- 2017-2020-жылдары — Ысык-Ата райондук ветеринардык башкармалыгында улук инспектор;
- 2020-2023-жылдары — Казыбек айыл өкмөтүнүн мал чарбачылыгы жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис;
- 2023- 2025-жылдары — Казыбек айылынын айыл башчысы;
- 2025-2026-жылдары — мамлекеттик сатып алуулар жана IT технология боюнча жетектөөчү адис.
Үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун атасы.