Turmush — Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары Курсантбек Матиев запкы тартканын айтып, президентке даттанды.
Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун активи менен жолугушту.
Курсантбек Матиевдин айтымында, Кара-Кулжа районунда айыл өкмөт башчысы жана башка кызматтарда иштеген.
«Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп жатканда Камчыбек Кыдыршаевич [УКМКнын мурунку төрасы] өзү окуган мектепке келет, Терешкова мектебине. Келет дагы, "бул мектепти тез арада бузгула" дейт. Мен тиешелүү документтердин бардыгын тактаткам. ӨКМдин кордундусун, көз каранысын экспертизанын кордундусун алгам. Мэрдин протоколу чыгат, тез арада бузгула деген. Анан биз бузабыз. Бузгандан кийин үч жылдан кийин мага кылмыш козгоп жатат. Козгоп эле койбой, мени төрт ай камады. Төрт ай камап, 1 млн сом акча төктүм. Эми бир адамгерчилик кылар ушулар деп 1 млн төксөм, дагы чыгарышпады. "Жок, сен келишим түзүшүң керек. Сен акча төлөйсүң, анан кийин чыгарасың" деди. Аны кантип эсептеткен? Ошол Терешково мектебинин жатаканасы 63 жыл мурунку имарат, Садыр Нургожоевич. Ошону тергөөчү жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жөнөкөй эле кызматкерине алып келген дагы, мынча кыш, мынча плита бар деп туруп, аны интернеттен алып, ал бирөөнүн тагдыры менен ойногон. Интернеттен алып туруп эле баасын коюп, жүйөсүз эле "сен 7 млн 713 миң сом жок кылгансың" деген», - деди Матиев.
Садыр Жапаров ага суроо менен кайрылды.
«Ал Терешково мектеби бузулуп, түп орду менен жок болуп, кайра ордуна андан үч эсе, беш эсе жаңы мектеп курулду го. Анда эмнеге сизге "ущерп" деп жатат?», - деп сурады.
Курсантбек Матиев: «Туура айтасыз, өтө өкүнүчтүү. Камчыбек Ташиев буз десе, бузабыз да биз. Туура эмес бузгансыңар деп, УКМК кызматкерлери...», - деди.
«Шаардын прокуратурасы кайра жаңы ачылган жагдай боюнча арыз берсин. Арыз берсин, жаңы ачылган жагдай боюнча кайра бүт мунун 1 млн сомун кайтартып бергиле, ишин жапкыла, кайра кайтартып бергиле төккөн акчасын. Бир тыйына чейин. Түшүндүңөрбү? Сот, сиз дагы көзөмөлгө алып коюңуз.
Бул кандай эми? Бул ал жерди бузуп, анан кийин ал жерге андан 10 эсе жакшы мектеп, дагы бир 200 жыл тура турган мектеп. Мен барып ачкам да аны. Анан 1 млн төктүрүп, анан 7 млн талап кылган. Бул кандай адилеттүүлүк? Калысыздыкпы же туура айтамбы? Мындай логикасын ойлонуп көрүңүзчү сиз. Шаардын прокурору бул жерде мээси тескери айланып калганбы дейм да», - деди Садыр Жапаров.
Ал эми Ош шаарынын прокурору учурда прокуратура тергей албай турганын, иш УКМК же ШИИБде каралганын билдирди.
«Текшерип, карап чыккыла. Сиз арыз менен кайрылыңыз, жаңы ачылган жагдайлар боюнча деп. Силер ишти кайра козгоп туруп, кайра тергеп туруп, 1 миллионун кайтарып бергиле», - деди өлкө башчысы.
Turmush 2025-жылдын июль айында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы башчысы Курсантбек Матиев кармалганын жазган.
Ал Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатын бузуу иштерине ашыкча каражат коротууга байланыштуу айыпталып жатканы айтылган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылган.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 27-июнундагы токтомунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен айыпталуучу М.К.Б.га (Курсантбек Матиев) бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2025-жылдын 21-августуна чейин тандалган.
Ош облустук сотунун 2025-жылдын 10-июлундагы аныктамасынын негизинде шаардык соттун аталган токтому өзгөртүүсүз калтырылган.
Курсантбек Матиев Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп турган учурда аталган башкармалыктын башчысы Канышай Имарова менен бирге сапатсыз экскаваторлорду сатып алуу боюнча айыпталган.
337-берене. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун, - мүлкүн конфискациялоо менен, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.