Turmush — Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы жубайлар Садырбек Мамбетакунов менен Сайрагүл Үркүнчиева боз үй жасоо менен алектенип келишет. Алар менен аймактык кабарчы маектешти.
Садырбек Мамбетакунов 1972-жылы 16-май күнү, ал эми жубайы Сайрагүл Үркүнчиева 1978-жылы 18-февраль күнү туулган. Экөө 3 уул, 4 кыздын ата-энеси.
Каарманыбыз Садырбек мырза жыгач устачылык өнөрдү атасына жардам берип жүрүп үйрөнүп алгандыгын айтты.
«Бул өнөрдү жаш кезимде эле атама жардам берип жүрүп эле үйрөнгөм. Негизи чоң атам Мамбетакун Кенжекулов бир топ устачылык кылган экен. Ээр чаап, боз үй жасаган. Ал тургай сөйкө, шакек жасап зергерчилик менен алектенген. Өз атам ээр чаап, боз үйдүн уук, керегелерин, түндүгүн жасачу. Мен жаштайымдан эле атама кармалашып жүрүп үйрөнгөм.
Боз үйдүн сөөгү эки эле жыгачтан жасалат. Бири кайың, экинчиси кара талдан. Биздин айылда кайыңдар өсөт. Ошондон жасайбыз. Ал эми кара тал биз жакта жок. Алгач, кайыңды кыркып келип, уук-керегеге ылайыктуу өлчөп кесебиз. Андан кийин сырткы кабыгын аарчып алабыз. Негизи керки, аталгы, тарткы жана тест сыяктуу 4 аспаптын жардамы менен жасалат. Анан тестке салып, ийри жерлерин түзөйбүз, фигураларын чыгарабыз. Ар бир жыгачты өзүнчө бастырабыз. Жыгачты таптайбыз. Көл өрөөнүндө жыгачты буулап жасап жатышпай. Мен андай жасап көргөн эмесмин. Негизи жыгачты таптоо керек. Анан, ак матоо жана кызыл матоо деп коёт. Ак маталоо бүткөндөн кийин, жошолоп алып туруп, кызыл матоо кылабыз. Керегелерди темгектөө деп коёт. Керегелерин бир-бирине бекитүү үчүн көзөнөктөрүнөн темгектеп чыгабыз. Тор көз жана жер көз деп бөлүнөт. Тор көз 14 көктөө менен. Ал эми жер көз 7 көктөө менен бүтөт. Ошол көктөлө турчу жерди темгек дейт. Капшыктарын кесебиз. Ошону менен боз үйдүн сөөгү даяр болот.
Түндүк деле ушундай жол менен жасалат. Кош жаак жана курама деп коёт. Кош жаакты үлгүгө салып ийип, эки жеринен бекитебиз. Анан азыркы учурда бүт эле шруп менен бекитип калышты да. Илгери болсо бургуй менен көзөп, көзөлгөн жерине ыргай жыгач менен бекитишкен», - деди ал.
Уста буга катар эле 85 баштуу жана 100 баштуу боз үйлөрдү жасап жүргөндүгүн айтты.
«Негизи, мен 85 жана 100 баштуу боз үйлөрдү жасап жүрөм. Дайыма отуруп жасай албайсың да. Бизде деле түйшүк көп. Мал караш керек жана башка чарбалык, дыйканчылык иштер бар дегендей. Бош боло калган учурларда гана жасайбыз. Боз үйдүн сөөгүн тынбай отуруп жасаганда 3,5 айда бүтөт. Ал эми үзүк, туурдук дегендерин эми аял кишилер билет да. Жай жасалганда 4-5 айга барат. Көлөмүнө жараша дагы болот. Эми бул көп түйшүк менен жасалат. Кайыңды күзүндө кесип алыш керек. Жазында суу чуркап кеткен кезде кесип алган кайың оңой менен кургабайт. Жыгачты кургатуу, бастыруу көп убакытты талап кылат.
Негизи, буйрутма берсе жасайм. Мындай жасап койгондо, сатылгыча аны сактоо керек да. Буйрутма берсе, жан талашып бүткөрүп берейин деп жасайсың да. Буйрутма менен эле жасап жүрөм. Айыл жергесинде буйрутма бергендер болбойт деле. Бир боз үйдү толук жасап берсең бир бодо болот. Бодоң деле 100 миң сомдун айланасы да. Уук, кереге, түндүк дегендерин жасатып жүрүшөт. Алардын баасы ар кандай. Мурдагы жылы кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө ээр алып барып 2-орунду алгам. Өткөндө Нооруз майрамына карата президент катышкан майрамдагы сынакка боз үйүмдү алып барып, 2-орунду алдым», - деди ал.
Каарманыбыз ээр дагы чабат.
«Ээрди карагай, кайың жана теректен чабылат. Бирок теректен чабылган ээр бат эле кажып, жарабай калат. Ээрди деле ошого ылайыктап кучак жеткис кайың, карагай таап, аны кыркып, бир канча күн кургатып аласың. Анан сомдолуп, жукартып чаап аласың. Ээрдин фигурасын чыгарып алып, аталгы, керки, балта сыяктуу инструменттердин жардамы менен чаап жасайсың. Бүткөндөн кийин уйдун же төөнүн териси менен чаптайсың. Анын үстүнөн булгаары менен каптап чыгасың. Ээр жасоо деле түйшүк. Ээрди деле буйрутма менен жасайм. Учурда, бүт эле орус ээр колдонуп, кыргыз ээрге көп деле суроо-талап жок болууда», - деди уста.
Ал эми жубайы Сайрагүл Үркүнчиева боз үй жабдууларынын жасалышын айтып берди.
«Боз үйдүн үзүк, туурдуктарын жасоо үчүн уяң жүндүү койдун жүндөрүн пайдаланабыз. Алгач, жүндү, тазалап, жууп алгандан кийин кадимкидей эле чийге салып кийиз кылып жасап алабыз. Үзүк алдыңкы жана арткы үзүк деп бөлүнөт. Ошого жараша бычып алабыз. Кийиздин четтерин жээктеп чыгабыз. Жээк дегенде шырдакты жээктеген жиптерден жасалбайт. Ал үчүн жылкынын жал, куйругун эшип, жээк жасайбыз. Андан кийин, туурдуктарын баштайбыз. Туурдуктун жакасы кара кийизден, ал эми этеги ак кийиз менен уланат. Боз үй бүт колго эшилген боолор менен жасалат да. Ансыз, боз үйдү бир-бирине бекитүү мүмкүн эмес. Ички боолоруна кереге чалгыч, уук чалгыч болоору жана капшыктарын бекитүүгө боолор керектелет. Боолорду дагы уяң жүндөн жасайбыз. Жууп, тазалап алып, ийиктин жардамы колго ийрип жасайбыз. Бышык болот», - деди ал.