Turmush — 4-апрелде Лейлек районундагы чек арада кызмат өтөп жаткан жоокер кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлек районундагы «Ак-Суу» чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы, 2004-жылы туулган катардагы жоокер Данияр Нурбеков «УАЗ-Пикап» үлгүсүндөгү кызматтык унаада келе жатып бортунан кулап кеткен. Ал ошол эле күнү Лейлек райондук ооруканасына жаткырылып, атайын Ош, Бишкектен дарыгерлер чакыртылып, операция жасалган. Муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн Бишкекке жеткирилет. Дарыгерлер опрациядан соң 72 саат күтүү керектигин билдирген.
Мындан улам жоокердин апасы Бактыгүл Ажиматова кырсыкка кабылган баласынын абалын президент өз көзөмөлүнө алып, жардам берүүсүн суранган.
«Балам бул жакка кызмат өтөгөнү келген болчу. Бир аскер бөлүктөн экинчисине которулуп бара жатып, аскердик унаадан кулап кетиптир. Балам 2 күндөн бери комада жатат. Оштон дарыгерлер келип оперция жасап кетишти. Ошондон бери да өзүнө келе элек. Дарыгерлер 72 саат күтө турганын айтты. Президентибиз Садыр Жапаровдон баламды аман сактап калууга жардам беришин суранабыз», - деди ал.
Жоокер Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылынын тургуну. Ал 2025-жылдын жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган.
Анын кайрылуусунан кийин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү өлкө башчысы маселени өз көзөмөлүнө алганын, керектүү дары-дармектер менен камсыздап, эгер муктаждык болсо чет мамлекетке да алып барып дарылатууга жардам берилерин билдирди.
Бүгүн, 8-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жоокердин абалынан кабар алды. Дарыгерлер анын абалы оор экенин белгилеп, бүгүн кайра опрация жасаларын билдиришкен. Азырынча бейтапты Бишкекке же башка ооруканага которууга кооптуу экенин айтышып, Ош, Бишкектен дарыгерлер келип карап жатышканын маалымдашты.
Учурда кырсык боюнча кызматтык териштирүү дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.