Turmush — Аскалиева Гүлзат Айтбаевна президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчиси болуп дайындалды.
Кадрдык чечим 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынды.
Эмгек жолу:
- 02.09.2003 - 02.02.2004 — Нарын мамлекеттик университети, укук факультетинин окутуучусу;
- 16.02.2004 - 17.08.2005 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, юридикалык факультетинин окутуучусу;
- 09.11.2005 — 01.08.2006 — Нарын мамлекеттик университети, экономика факультетинин улук лаборанты;
- 01.09.2008 — 01.09.2015 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык колледжи;
- 07.12.2015 — 08.12.2016 — өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору, башкы адис;
- 08.12.2016 - 17.05.2019 — өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрлар сектору, башкы адис;
- 17.05.2019 — 07.12.2020 — Мамлекеттик салык кызматы, Нарын району боюнча башкармалыгы, борбордук аппарат, укуктук камсыздоо жана кадрлар боюнча башкы адис;
- 07.12.2020 — 30.12.2020 — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, көзөмөл жана инспектордук иштер бөлүмү, башкы адис;
- 30.12.2022 — 18.09.23 — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрлар бөлүмү, башкы адис;
- 18.09.23 — 11.03.25 — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
- 01.07.25 — 31.03.26 — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо, документ жүгүртүү жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы.