Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир нече айыл өкмөт башчысы кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, 5 айыл өкмөт башчы жана Көк-Жаңгак шаарынын мэри кызматтан кетүүнү чечкен.
Ал эми Сузак районунун акими Дамир Кулубаев Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, ага 4 айыл өкмөт башчы арызын берди. Алар — Көк-Арт, Багыш, Кыз-Көл, Сузак айыл өкмөттөрүнүн башчылары.
«5 айыл өкмөт, 1 мэр деген туура эмес. Мага бүгүнкү күндө 4 айыл өкмөт башчы арыз жазып кетишти. Бири үй-бүлөлүк шартына, айрымдары ден соолугуна байланыштуу сыяктуу жагдайлардан улам жазышкан. Бул айыл өкмөт башчылардын милдетин орун басарлары аткарып жатат. Мүмкүн болушунча жакынкы аралыкта айыл өкмөт башчыларын дайындоого аракет кылабыз.
Президентибиздин саясатын, өкмөт талаптарын аткарышыбыз керек. Мамлекеттик кадр кызматынын резервине кирген кадрлардан тандалат. Албетте, иш тажрыйбалары эске алынат. Ким болуп иштеген? Кандай көрсөткүчтөрдү берген? ИИМден соттуулугу боюнча тактама да алынат. Баары мыйзам чегинде каралат», - деди ал.
Кызматтан бошотуу тууралуу арзы жазган айыл өкмөт башчылары:
- Ойрот Анаркулов, Көк-Арт айыл өкмөтүн жетектеп келген;
- Дайырбек Бакиров, Сузак айыл өкмөтүн жетектеп келген;
- Нурсултан Түгөйбеков, Багыш айыл өкмөтүн жетектеп келген;
- Арапбай Жумабаев, Кыз-Көл айыл өкмөтүн жетектеп келген.
- Сузак районунда жалпы 8 айыл өкмөт жана райондук маанидеги Көк-Жаңгак шаары бар.
---------------------------------------------------------
2026-жылдын март айынын башында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими алмашкан.
Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемеге ылайык Кулубаев Дамир Садырбекович Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган.
Дамир Кулубаев буга чейин Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары — райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы кызматында иштеген.
Буга чейин Сузак районун акими кызматында Баратбек Сыдыкназаров иштеп келген. Ал бул кызматка 2021-жылдын 22-майында дайындалып, 2026-жылдын 6-мартында кызматтан бошотулган.
---------------------------------------------------------
Сузак району Кыргызстандагы калкы эң көп райондордун бири болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Сузак районундагы калктын саны — 287 641 адам (2024-жылга карата 324 722 адамды түзгөн).
Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан райондор (2025-жылга карата):
- Ош облусунун Кара-Суу району — 398 515 адам;
- Ош облусунун Ноокат району — 331 830 адам;
- Ош облусунун Өзгөн району — 300 719 адам;
- Жалал-Абад облусунун Сузак району — 287 641 адам;
- Чүй облусунун Сокулук району — 227 169 адам.