Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагында алма көчөттөрү тигилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 28-мартында Мырза-Аке айыл аймагынын Таш-Башат айылында 20 гектар аянтка 8 миң түпкө жакын көчөт отургузулду. Көчөттөр долбоор аркылуу алынып берилген. Алманын 6 түрүнүн көчөттөрү алынган.
Көчөт отургузуу иш-чарасына Өзгөн районунун акиминин орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлери, райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, аймактагы мектеп, бала бакча кызматкерлери, айыл тургундары катышты.