Turmush — Бүгүн, 27-мартта Ош технологиялык университетинде Орус тили жана славян маданияты борбору тарабынан «Славян кварталы: достук тилиндеги жаз» аттуу маданий иш-чара уюштурулду.
Иш-чараны университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айназик Аккожоева ачып, ал эми мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Назгул Хабибуллаева тилдерди билүү элдер арасындагы достукту чыңдоонун маанилүү куралы экенин белгиледи.
Иш-чаранын ардактуу коногу катары Ош шаарындагы Орус үйүнүн расмий өкүлү Валентина Викторовна Дианова катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө ОшТУ менен Орус үйүнүн ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, иш-чарага катышуучуларга ийгилик каалады.
Маданий программа алкагында студенттик командалар дүйнөлүк адабиятты көркөм окуу, театралдаштырылган көрүнүштөр жана бий номерлери аркылуу өз таланттарын тартуулашты. Ошондой эле Кытайдан жана Түштүк Кореядан келген студенттердин катышуусу иш-чарага өзгөчө көрк берип, маданий көп түрдүүлүктү даңазалады.
Катышуучулар славян салттарын заманбап элементтер менен айкалыштырып, жогорку деңгээлдеги чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтө алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан командалар дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.