Turmush — Алай районунда айыл чарба объекттерин каттоо иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, бул үчүн райондо 4 координатордук, 12 инструкторлук участоктор тузулуп, 58 каттоочу мобилдик тиркеме аркылуу каттоо жүрүп жатат.
Алай райондук статистика бөлүмүнүн жетекчиси Нуржамал Зикированын маалыматына караганда, 2026-жылдын 1-январына карата район боюнча бодо малдын башы 42 миң 393, майда жандыктар 154 миң 416, жылкылардын саны 18 миң 412 жана уй канаттуулардын саны 61 миң 450 башты түзөт.
Каттоонун негизинде малдын асылдуулугу, өсүмдүктөрдүн сорттору жана айыл чарба техникалары тууралуу маалыматтар алынат. Каттоо мезгилинде айыл чарба жерлери, аларга себилген айыл чарба өсүмдүктөрү, ижарага алынган же берилген жерлер боюнча да маалыматтар такталат. Алынган маалыматтар азык-түлүк жана экономикалык айыл чарба секторун өнүктүрүү багытындагы негизги маалымат булактары катары кызмат кылат.