Turmush — Ак-Суу районунун М.Мамакеев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин мугалими Нурлан Касымалиев көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) алкагында өткөрүлгөн «КМШдагы мыкты педагог» сынагында 1-даражадагы дипломго ээ болду. Педагог менен аймакты кабарчы маек курду.
Касымалиев Нурлан Ербатырович 1989-жылы 11-майда Каракол шаарында туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктагандан кийин жогорку билимди К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Математика жана инновациялык технологиялар» факультетинен алып, математика жана информатика мугалими адистигине ээ болгон. Учурда ал М.Мамакеев атындагы мектепте 13 жылдан бери эмгектенип, жаш муундарга билим берип келет.
Аталган эл аралык сынак жыл сайын уюштурулуп, билим берүү тармагында мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн мугалимдерди аныктоону максат кылат. Бул ирет сынактын жыйынтыктоочу бөлүгү 24-март күнү Астана шаарында өтүп, катышуучулар өздөрүнүн кесиптик жетишкендиктерин, методикалык иштелмелерин жана билим берүүдөгү жаңычыл ыкмаларын сунушташкан.
Анда Н.Касымалиевдин билим берүү процессине заманбап технологияларды интеграциялоодогу аракеттери жана окуучулардын билим сапатын жогорулатууга кошкон салымы белгиленди.
Сынактын жыйынтыгында ал 1-даражадагы диплом, төш белги, «КМШдагы мыкты педагог» статуэткасы жана жетекчиликке ыраазычылык кат менен сыйланды.
«Бул сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, 12-февралда жыйынтыгы чыгып, экинчи турга ийгиликтүү өттүм. Сынак тууралуу маалыматты социалдык тармактагы каналдардын биринен көрүп, өз алдынча катышууга чечим кабыл алдым. Финалдык этап 24-мартта Астана шаарында өтүп, жыйынтыгында жогорку баага ээ болдум. Бул ийгилик — бир гана менин эмес, мектебибиздин жана жалпы билим берүү тармагынын эмгегинин жыйынтыгы», – дейт Нурлан Касымалиев.
Н.Касымалиев балдарга берген билиминин аркасында буга чейин жергиликтүү бийликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн бир нече сыйлыктары, ардак грамоталары менен сыйланган.