Turmush — Чүй районунун тургундары өздөрүнүн жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди алуудагы кыйынчылыктар боюнча даттанышты. Аларга Чүй районунун акими Эмилбек Абдыкадыров жооп берди.
Район башчысынын айтымында, азыркы учурда президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча иштер жанданды. Жалпысынан Чүй району боюнча жер амнистиясынын алкагында 1900 арыз берилген. Учурда 80ге жакын арыз атайын комиссия тарабынан толук каралуу алдында турат.
«Жер маселеси боюнча ррезиденттин атайын жарлыгы менен мунапыс иши жүрүп жатат. Чүй району боюнча жалпы 1900 жер мунапыска арыз берилген. Бүгүнкү күндө 80дей жер тилке комиссиянын кароосунда. Ал эми Бурана, Ибраимов жана Кегети айыл өкмөттөрүндө колунда такыр документи жок, бир чечим жок, бирок үй салынып кеткен жер тилкелер бар. Ушундай көйгөй менен болжол менен 50дөн ашуун жер тилке бар. Жер кылып бергенге эч кандай негиз, чечим жок болгондуктан прокуратуранын комиссиясына кайрылып жатабыз. Алар калктуу конуш кылып беришсе, анан айыл өкмөттөр жер адистери менен андан аркы ишти улантмак», - деп түшүндүрдү Эмилбек Абдыкадыров.