Turmush — Токмок шаарындагы Н.Байтемиров атындагы маданият үйүндө милиция кызматкерлери Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунун, ошондой эле Кант жана Токмок шаарларынын тургундары менен жолугушуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова милиция кызматкерлеринин саны боюнча маселе көтөргөн.
«Токмок шаардык ички иштер кызматынын жаңы имараты үчүн жер бөлүп бергенбиз. Мына жаз келди. Мен билейин дегем, имарат куруу үчүн долбоор даярбы, качан салынат, качан бүтөт? Ичинде спорт зал, ашкана болобу?
Экинчиден биздин шаардын милиция кызматы эмнеге кыскарып жатат. 132 кыматкер бар эле, 120 эле кызматкер калды. Бул эмне менен байланыштуу? Баңгизаттарга каршы бөлүм эмнеге бек турат? Аймактык тескөөчүлөр жетишпейт. Калктын саны расмий 75000 адам. Ошого болгону 21 аймактык тескөөчү бар.
Анан ППСниктер облуска түз баш ийет экен. Алар жергиликтүү бийликке баш ийбей, кээде өзүм билемдик кылып, баш аламандык болот. Анан шаардык башкармалыкта бизде 14 эле кызматкер бар. Бизде жол кырсык көп. Эми туристтик сезон келе жатат. Алар айланма жолдо иштешет. Кыматкер жетишпейт. Ошондой эле 2017-жылы милиция кызматкерлери үчүн үй курулуп берилген. Бирок жер каттоо боюнча туура эмес болуп, азыркыга чейин документтери бүтпөй келет», - деди ал.