Turmush — Баткен облусунда LED фараларды орнотуп алган унаалар четинен токтолуп жатат. Бул тууралуу жол сакчылар билдиришти.
Маалыматка караганда, 2 күндүн ичинде 42 автоунаа айып короого токтотулган. LED фаралар менен бирге кошумча жарык берүүчү ар кандай түзүлүштөрдү орноткон айдоочуларга 5500 сом айып пул салынууда.