Turmush — Чүй облусунун Кант шаарында эреже бузган жаран аныкталып, жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, белгиленбеген жерге таштанды таштоо фактысы катталган.
«Жыйынтыгында жаран аныкталып, протокол түзүлүп, айып пул салынды. Айып пулдун суммасы — 5 500 сом. Толук төлөндү. Мындай аракеттерге жол берилбейт жана мыйзам чегинде чара көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаардын тазалыгы ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин эскертет.