Turmush — Жогорку сот 2025-жылы Аксы районунда күйөөсүн өлтүрүүгө аракет кылган аялдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, айыпталуучу Мубинахонду (аты өзгөртүлдү Т.М.Х.) күйөөсү Бобур (аты өзгөртүлдү) 2025-жылдын 28-март күнү саат 21:30 чамасында Аксы районундагы үйүнө мас болуп үйүнө келип, кайнагасы менен жыныстык катнашта болгондугун айтып урганга аракет кылган. Мубинахон үйүнүн унаа токтотуучу жайында желим бөтөлкөдө куюлуп турган бензинди алып, күйөөсүнө чачып, чөнтөгүндөгү ширеңке менен күйгүзүп, өлтүрүүгө аракет кылган.
Ал Аксы райондук сотунун 2025-жылдын 21-июлунда өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 28-апрелинен баштап эсептелинген.
Бул иш кайрадан 2025-жылдын 22-сентябрында Жалал-Абад облустук сотунда каралып, Аксы райондук сотунун 2025-жылдын 21-июлундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.
Бирок Мубинахондун жактоочусу бул өкүмдөргө макул болбой, Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Ал эки инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарууну, Мубинахондун баласы 14 жашка толгонго чейин сот жазасын өтөөнү жылдырууну суранган. Даттанууда аны күйөөсү Бобур узак убакыттан бери сабап, коркутуп, мазактап келгендиги, анын жашы жете элек 3 баласы бар экендигин, сот жаза өтөөнү баласы 14 жашка толгонго чейин кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү толук эске албаганын билдирген.
Жогорку соттун өкүмү:
Жогорку сот 2026-жылдын 11-февралында иштин материалдарын карап чыгып, Аксы райондук сотунун 2025-жылдын 21-июлундагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2025-жылдын 22-сентябрындагы өкүмдөрүн өзгөрттү. Мубинахон Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) боюнча 4 жылга эркиндигинен ажыратылды. Өкүмдөрдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылды. Жактоочунун кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.