Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы сейил бакка Алыкул Осмоновдун ысымы берилди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында белгилүү кыргыз акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмоновдун элесин түбөлүккө калтыруу чечими кабыл алынды. Депутаттардын токтомуна ылайык, Кара-Балта шаарынын жогорку паркына расмий түрдө А.Осмоновдун ысымы берилди. Буга чейин шаардык кеңешке демилгелүү топ аталган сунуш менен кайрылган.
Акын Калинин районунун Каптал-Арык айылында төрөлгөн. Айылдын аймагын кийин Панфилов жана Жайыл райондоруна бөлүнгөн.
Сунуш менен кайрылгандардын бири Замир Сатаевдин айтымында, бүгүнкү күндө Панфилов районунда Осмоновдун эстелиги орнотулуп, анын атындагы музей жана мектеп бар. Анын ысымы Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында мектептерге берилип, борбор калаада көчө жана Улуттук китепкананын алдында эстелиги бар.
Демилгечилер белгилегендей, аймактын маанилүү шаарларынын бири болгон Кара-Балтада даңазалуу акындын урматына аталган бир дагы объект болгон эмес.