Turmush — Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында автоунаа турак үйдүн тосмосун сүзүп токтоду.
Күбөлөрдүн айтымында, 24-мартта болжол менен саат 20:30да Демьян Бедный көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Жеңил унаа турак үйлөрдүн биринин тосмосуна кирип кеткен. Рулда жаш балдар болгон. Кырсыктын кесепетинен турак жайдын тосмосу зыян тарткан.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул тилкеде мындай кырдаал биринчи жолу болгон жок. Жолго шагыл төшөлгөнүнө карабастан, жаш айдоочулар ылдамдыкты ашырып, айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунуч жаратууда.