Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жылуулук берүү качан токтотулары белгилүү болду.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 24-мартта мэрияда 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча штабдык жыйын өттү. Штабдын чечими боюнча, жылуулук берүү 27-мартка караган түнү токтотулат.
Кара-Балта шаарында 2025-жылдын 4-ноябрынан тарта жылуулук берилип баштаган.