Turmush — Turmush.kg — АКИpress экосистемасына кирген Кыргызстандын алдыңкы аймактык маалымат порталы. Басылма өлкөнүн бардык жети облусундагы турмушту — ири шаарлардан тартып алыскы айылдарга чейин чагылдырууга адистешкен.
2025-жылы портал олуттуу өсүштү көрсөттү: Google Analytics маалыматтарына ылайык, жылдык уникалдуу колдонуучулардын саны 5,5 миллионго жетип, баракча кароолордун жалпы саны 35,1 миллиондон ашты.
Орточо күнүмдүк аудитория 2024-жылдагы 120–130 миңден 2025-жылы 150–170 миңге чейин көбөйдү.
- 2025-жылы 5,5 млн уникалдуу колдонуучу.
- Күн сайын 170 000 окурман.
- Социалдык тармактарда миллиондогон камтуу: Instagram’дагы видеолорубуз туруктуу түрдө 1 000 000 көрүүгө жетет.
- YouTube’дагы 441 000 катталуучу — аймактардагы таасир этүүнүн натыйжалуу куралдарынын бири.
Биз жөнөкөй адамдар, таланттулпр жана өз доорунун каармандары тууралуу уникалдуу контент жаратабыз. Turmush.kg — бул ыкчам жаңылыктар гана эмес, миллиондогон адамдардын жүрөгүнөн орун алган социалдык баяндардын негизги аянтчасы.
Turmush.kg контентинин өзгөчөлүгү — «адам тагдырына байланышкан окуяларга» басым жасалганында: дыйкандардын турмушу, көп балалуу энелердин жашоосу жана жергиликтүү жамааттардын өнүгүшү тууралуу баяндар.
Аймактардан келген материалдардын жогорку ыкчамдуулугу жана эксклюзивдүүлүгүнүн аркасында Turmush.kg республиканын медиа мейкиндигиндеги эң көп шилтеме жасалган булактардын бири болуп саналат.