Turmush — Ош технологиялык университетинде Кытайдын ZGC International Holding Limited компаниясы менен онлайн форматта жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга окуу жайдын ректору, профессор Жанболот Турсунбаев баштаган жетекчилик курам, ошондой эле кытай тараптын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун ректору университеттин ишмердүүлүгү, артыкчылыктуу багыттары жана өнүгүү стратегиясы тууралуу маалымат берип, кытай тараптын өкүлдөрү өз мекемелеринин ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
Талкуунун алкагында илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, Кытай–Кыргыз биргелешкен илимий борборун түзүү, ошондой эле биргелешкен лабораторияларды уюштуруу маселелери каралды. Мындан сырткары энергетика, интеллектуалдык өндүрүш, санариптик экономика, кадрларды даярдоо жана технологияларды трансфер кылуу багыттарында кызматташуунун келечеги талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү боюнча байланыштарды бекемдөө, конкреттүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашышты.