Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын тургундары тыгында унааны жол жээги менен айдаган айдоочуларга нааразы болуп жатышат.
Жашоочулардун айтымында, бул көрүнүш күн сайын кайталанууда. Тыгында унаасын жолдун чети менен айдаган айдоочулар чаңдатып, тургундарга ыңгайсыздык жаратууда. Учурда жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштери качан аягына чыгары да белгисиз.
«Бул күн сайын болуп жаткан көрүнүнш. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Тыгында унаалар катар тизилип айдап бара жатышса, айрымдары алардын жанынан ашып өтүп, жол жээкти чаӊдатып өтүп жатышат. Көчөлөр дайыма чаӊ-топуракка сапырылып калды. Жолдун курулушу качан бүтөт?», - деди жашоочулар.