Turmush — Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясын тазалоо боюнча иштер уланууда.
Акыркы бир аптанын ичинде жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында жалпысынан 44 даана синтетикалык эски балык уулоочу торлор аныкталып, алынган. Алардын жалпы узундугу 4 400 метрди түзүп, тиешелүү тартипте жок кылынды.
Бул иштер көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биоресурстарды сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында жүргүзүлүүдө.
Мындай иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.