Turmush — Айганыш Усупова Нарын шаарындагы тез жардам бөлүмүндө көп жылдан бери фельдшер болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында 1963-жылы Кочкор районунда төрөлгөн. 1984-жылы медициналык окуу жайды аяктап, 1985-жылдан бери Нарын шаарындагы тез жардам бөлүмүндө фельдшер болуп эмгектенип келет. Анын бул тармактагы жалпы эмгек стажы 40 жылды түзөт.
«Ушул жерде иштеп агарып-көгөрдүм. Кесибимди сүйөм, колдон келишинче элге жардам берип келе жатам.
Бир жолу айылга чакыруу менен барганда төрөтү жакындаган аялды жолдон, тез жардам унаасынын ичинде төрөтүүгө туура келген. Эң кыйыны — бала буту менен келди. Ошол учурда абдан коркуп, чоң жоопкерчиликти сездим. Төрөт ийгиликтүү өтүп, эне-бала аман-эсен төрөт үйүнө жеткирилди. Бирок ошол учурдан кийин сыртка чыгып алып ыйлап жибергем. Бир жагынан сүйүнүп, экинчи жагынан коркуп, толкундануу күч болгон. Азыр дагы ошол окуяны эстесем бир башкача сезимде болом. Ушундай олтуттуу учурлар эстен кетпейт. Ар бир кесип ардактуу дегендей, биздин кесип дагы ары татаал ары жоопкерчиликти талап кылган өзгөчө кесип», - деди ал.
Каарманыбыз тез жардам кызматкерлери ар кандай чакырууларга барышарын айтты.
«Биз жүрөк оорулары, кан басым, балдардын оорулары — бардык түрдөгү чакырууларга барабыз. Айрыкча жол кырсыктарын көргөндө оор болот. Бирок кандай болсо да жардам көрсөтүп, бейтаптарды ооруканага жеткиребиз.
Кээ бир адамдар өз алдынча дары ичип дарылана беришет. Убагында дарыгерге кайрылбай, абалы оорлошкондо гана тез жардам чакырышат. Айрымдары балдарын да убагында ооруканага көрсөтпөй, үйдө кармап жүрө беришет», - деп белгиледи ал.
Фельдшер тез жардам чакырганда туура маалымат берүү маанилүү экенин да эске салды.
«103 номуруна чалганда даректи так айтып, бейтаптын аты-жөнүн, жашын, кандай абалда экенин түшүндүрүү керек. Ошондо биз ыкчам барып, жардам көрсөтө алабыз», - деди ал.
Каарманыбыз бул кесипти тандаган жаштарга кеңешин берди.
«Фельдшер — бул медициналык орто билимдүү, биринчи жардам көрсөтүүгө жана диагноз коюуга укугу бар адис. Фельдшер болом деген адам эң оболу билимдүү болушу керек. Мындан тышкары сабырдуу, боорукер болуп, ар бир бейтапка туура мамиле жасай билүүсү зарыл. Бул кесипте адамгерчилик сапат эң маанилүү.
Тез жардам кызматында иштегендиктен, өзгөчө кырдаалдарда бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн ыкчам жана туура чечим чыгара билүүсү маанилүү. Фельдшер акушердик жардам көрсөтүүнү, бала тутууну, жарааттарды таңууну жана алгачкы реанимациялык чараларды (жасалма дем алдыруу ж.б.) билиши керек.
Жогоруда айтып өткөндөй, ар кандай оор абалдагы бейтаптар жана алардын жакындары менен иштешүүдө сабырдуу, токтоо жана боорукер болуусу абзел жана бейтаптын абалына туура баа берип, зарыл болсо аны ооруканага жеткирүүнү же дарыгерди чакырууну өз убагында чечиши керек», - деди ал.