При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

ЖК төрагасы Ч.Турсунбеков: Кытай эли көп тараптуу коомду куруу жолунда бара жатат (маек)

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Синьхуа агенттигине маек берип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелери боюнча ой бөлүштү.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын катышуусу менен ноябрь айынын башында Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт. Муну менен катар анын Кыргызстандагы расмий иш сапары болот.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маекти көрсөтөт:

Эки тараптуу алакалардагы стратегиялык өнөктөштүк

Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбековдун айтымында, саясий байланыштардын тынымсыз уланышы өз ара саясий ишенимдердин чыңдалышына жана соода-экономикалык байланыштардын кеңейишине шарт түзөт. «Кытай өкмөт башчысынын сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө жаңы дем-күч берип, кызматташтыктын артышына көмөк көрсөтөт. Ушуну менен бирге бул сапар жаңы инвестициялык долбоорлор боюнча келишимдерди түзүүгө жана азыркы учурда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», - деди ал.

Маектин жүрүшүндө кыргыз парламентинин спикери Кыргызстан-Кытай дипломатиялык байланыштары түзүлгөндөн тартып тең салмактуулукка, сый менен ишенимге негизделген коңшулук жана достук мамиле уланып келе жаткандыгын, тараптар саясий, экономика жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты колго алып, эки өлкө ортосунда мамлекеттер аралык кызматташтыкты бекемдеп жаткандыктарын билдирди.

Андан тышкары, Ч.Турсунбеков жогорку деңгээлдеги сапарлар аркылуу эки тараптуу кызматташтыктын жаңы барактары ачылып жаткандыгына токтолду. «Биздин алакалар 2013-жылы Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин э өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк алкагында алакаларды түзүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюу аркылуу жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын май айында Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарында Стратегиялык өнөктүк алакаларды мындан ары да кеңейтүү тууралуу биргелешкен Декларация кабыл алынган», - деди ал.

Ошондой эле, төрага эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын жемиштүү жана ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан менен Кытай инфраструктура, транспорт, энергетика, тоо-кен иштетүү, мындан сырткары аймактар аралык жана чек аралык кызматташтык сыяктуу бир топ экономикалык өз ара байланыштардын өтө перспективалуу багыттарын аныктап алды. «Кыргызстан менен Кытай келечекте стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүү жаатында бардык мүмкүнчүлүккө ээ. Стратегиялык өнөктөштүктүн башында соода-экономикалык тармактагы кыргыз-кытай кызматташтыгы турушу керек», - деп билдирди.

Мындан тышкары, коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жаңы жана салттуу чакырыктарга каршы биргелешип күрөшүү жаатында, ошондой эле айыл чарба тармагында, айрыкча айыл чарба азыктарын кайрадан иштеп чыгуучу биргелешкен ишкана куруу менен мал чарбаны өнүктүрүү багытында кызматташтыкты кеңейтүү зарыл деген Ч.Турсунбеков: «Соода-экономикалык алакалардын өнүктүрүү үчүн эки тарапка тең зарыл болгон иш чаралар камтылган 2015-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык Программасын жана 2015-2025-жылдарга карата чек аралык кызматташтык Программасын ишке ашырууга өзгөчө маани берилет», - деди.

Алкак жана жол

«Жибек жолундагы экономикалык алкак» жана 21-кылымдагы Деңиз Жибек жолу (Алкак жана жол) демилгелерине токтолгон ЖК төрагасы, долбоорлор дүйнөлүк коомчулуктун башкы кызыкчылыктарына жооп берерин, «Алкак жана жол» - бул Жибек жолунун алкагында жайгашкан өлкөлөрдү биргелешип өнүгүүгө, жаңыланууга, кызматташууга жана жалпы жеңишке алып бара турган башкы жол экенин белгиледи.

Анын айтымында, «Жибек жолундагы экономикалык алкактын» концепциясы Кыргызстанга инфраструктураны жана энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө, логистикалык байланыштарды күчтөндүрүүгө жана таза энергия булактарын табуу, анын ичинде энергия каражаттарын жеринде кайрадан иштеп чыгуу боюнча Кытай менен кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бул үчүн: «Биз «Жибек жолундагы экономикалык алкак» демилгеси менен Кыргызстанды өнүктүрүү Стратегиясынын жана Евразиялык экономикалык бирикменин бардык мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырып иштешүүгө даярбыз» - деди ал.

Ч.Турсунбеков мындан сырткары, түрдүү инвестициялык долбоорлорду жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар кандай кредиттик-гранттык жардамдарды сунуштаган Кытай мамлекети Кыргызстандын башкы инвестициялык өнөктөшү экенин баса белгиледи жана «Жибек жолундагы экономикалык алкак» демилгесинин негизинде «КЭР – Борбордук Азия» транс чек аралык газ өткөргүчүн, «Кытай-Кыргызстан-Казакстан-Россия» темир жол магистралын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. 

Кыргызстан менен Кытайдын аймактары ортосундагы кызматташтыкты арттыруу

Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков түрдүү багыттагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чек аралаш райондордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын облустары менен Кытайдын провинциялары ортосундагы аймактар аралык кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин маалымдады.

Тактап айтканда, Кыргызстан менен Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык алакалардын ийгиликтерин мисал келтирген төрага: «2015-2025-жылдарга карата чек аралык жана 2015-2025-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык Программаларын ишке ашырууну тездетүү зарыл. Ошондой эле мамлекеттер жана өкмөттөр аралык деңгээлде каралган пландардын негизинде эле эмес, 1994-жылдын 23-апрелинде түзүлгөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык Комиссиянын алдындагы «Кыргызстан-СУАР» координациялык тобунун деңгээлинде да кызматташуубуз абзел» - деди.

Төрага үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Үрүмчү шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек калаасына берилип, шаардыктарды кубандырган 10 автобус үчүн ыраазычылыгын бирдирди. «Бул кадам эки өлкөнүн шаарлары ортосундагы бир туугандык мамиленин жакшы экенин далилдеди. Андыктан бул сыяктуу аймактар аралык байланыштар «Жибек жолундагы экономикалык алкак» долбоорунун маанисине жана максатына толук жооп берет дээр элем» - деди ал.

Кытайдын глобалдык экономикага кошкон салымы

Ч.Турсунбеков 2016-жылдын 14-15-октябрында Кытайдын Чунцин шаарында өткөн «Кытай Коммунисттик партиясы жана Бүткүл дүйнөлүк диалог 2016» форумунун мыкты деңгээлде өткөндүгүнө токтолду. Ал иш-чара катышуучуларга ачык сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн берип, түз пикир алмашуусуна шарт түзүлгөнүн, келечекте форумдун жыйынтыгы өлкөлөрүбүздүн өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзөт деп ишенерин, себеби, бул форум Кытай тууралуу, айрыкча Кытай коммунисттик партиясынын ишмердүүлүгү жана көтөргөн демилгелери тууралуу дагы толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн айтты.

Ошондой эле, анын айтымында, Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында Кытай Эл Республикасы ушунча жылдан бери тынымсыз өнүгүп, өз өзгөчөлүгү менен дүйнөлүк алкакта сыймыктуу орун ээлеп келет. «Кытай экономикасынын курулушундагы Кытай Коммунисттик партиясынын бийик ролун белгилегим келет. Себеби, 95 жыл мурун кытай коммунисттери партия үчүн марксизм идеясын салтанаттуу түрдө көтөрүп чыккан. Ошол учур кытай эли үчүн оор мезгил болгондуктан, олуттуу кыйынчылыктар жана муктаждыктар арбын эле. Бирок, көп жыл өтүшү менен социалисттик Кытай Чыгышта өз даңазасын арттырып, дүйнөнүн экинчи экономикасына айланды» - деп билдирди.

Маектин соңунда кыргыз парламентинин спикери кытай эли көп тараптуу коомду куруу жолунда бара жатканын жана адилеттүүлүктү орнотуу кыялын орундатуу үчүн алпурушуп келатканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу