При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кадыржан Батыров: Кыргызстандан чыгып кетүүмдү Отунбаеванын атынан И.Исаков,Б.Алимбеков жана А.Сабиров сунуштаган (маек)

Turmush -  Мурдараак, КР президентинин басма сөз кызматы, «Кадыржан Батыровдун бир эле ЖМКга — «Эркин Европа» Радиосу/«Эркиндик» Радиосу (ушул жылдын 6-октябрында «Озодлик» өзбек кызматына жана «Азаттык» кыргыз кызматына) өзбек жана кыргыз тилдеринде берген маектеринин мазмунунда кыйла дал келбестиктер бар экенин белгилөө керектигин» билдирген.

«Кыргыз тилинде аудио-видео версиянын жоктугу «Азаттык» кыргыз кызматы тарабынан атайы саясий максатты көздөп редакцияланган болушу мүмкүн деген ойго түртөт. Атап айтканда, кыргызча жана орусча тексттеринде Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү менен байланыштары болгону тууралуу К.Батыровдун сөздөрүн редакторлор «тазалап» коюшканын эксперттер дароо байкашкан. «Эркин Европа» Радиосу/«Эркиндик» Радиосу администрациясы «Азаттык» кыргыз кызматынынын жетекчилеринин саясий жан тартуучулугуна көӊүл буруусу зарыл экенин абдан маанилүү деп эсептейбиз», - деп айтылган билдирүүдө.

Буга байланыштуу, Turmush басылмасынын редакциясы К.Батыровдун «Озодлик» өзбек кызматына берген интервьюсунун кыргызчага котормосун толук көрсөтөт:

Cуроо: Ассаламу алейкум, Кыргызстандан качан, кандай жагдайда чыгып кеттиңиз эле?

Батыров: Биринчиден, ушундай мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн рахмат.  2010-жылы 19-майда Жалал-Абад шаарындагы «Элдер достугу» университетине Бакиев жана баскынчылар тарабынан чабуул уюшулган. Бул сабак учурунда күтүлбөгөн окуя болгон. Бул окуяны эл-журт угуп, студенттер, өзбек улутундагылар жана башка улуттагылар чогулган. Бул алдыга койгон максаттарда бакиевчилер жана Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү - Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана аны менен бирге Сүйүн Өмүрзаков, Бакыт Алимбеков уюштурган нерсе ойлогон натыйжасын бербеди. Бул окуя түшкө чейин болуп, эл таркады. Бирок күтүлбөгөн жерден Алишер Сабиров деген экс-депутат университетке келди. Аны менен бирге милициянын полковниги Исакжан Өмүракунов келди. Алар Роза Отунбаеванын жана Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен келгенин айтышып, абал менен таанышты. Исмаил Исаков жана Бакыт Алимбеков менен жолугушум керектигин айтышты. 20-майда эртең менен Исаков менен Алимбеков автоунаада университетке келишти. Булар Отунбаеванын атынан ачык айтышып, бакиевчилер Убактылуу өкмөттү колдоп жаткан кыргыз улутундагылар артында ажырым пайда болгонун, алар Батыров жок болсо бириге турганын айтып, Убактылуу өкмөткө кошула турган шарттарын ачык айтканын билдиришти. «Сиз убактылуу чыгып туруңуз, 3-4 күндүн ичинде алардын башын бириктирип, тынчтык болгондо сизди кайра чакырабыз. Ишти мурдагыдай алып кете бересиз» деп убада беришти.

Суроо: Сиз так айтсаңыз, кайсы күнү кимдин жардамы менен чыгып кеттиңиз? Жардам менен чыккансызбы же сизге жардам керек болгон эмеспи?

Батыров: Мен 20-май күнү таң эрте алар менен сүйлөшкөндөн кийин Жалал-Абаддан чыгып кеттим. Мени эч ким коркуткан эмес. Өз каалоом менен чыгып кеттим.

Суроо: Чыгып кетүүнү сизге кимдер сунуштаган?

Батыров: Исмаил Исаков, Бакыт Алимбеков жана Алишер Сабиров.

Суроо: Кимдин атынан?

Батыров: Отунбаеванын атынан.

Суроо: Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн бири, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, сиздин мамлекеттен чыгып кетүүңүз боюнча тергөөдө биринчилерден болуп Алмазбек Атамбаев көрсөтмө бериш керек деди. Буга эмне дейсиз?

Батыров: 23-апрелде Убактылуу өкмөт өздөрү комиссия түзүп, Кыргызстандагы абалды эске алып Алмаз Атамбаевди премьер-министр кылып шайлашкан. Ал баарын көзөмөлгө алган. Ушул себептерден улам Атамбаев жооп бериши керек деп жатышса керек.

Суроо: Отунбаеванын көрсөтмөсү менен Исмаил Исаков жана башкалардын сөзү менен чыгып кеттиңиз. Отунбаеванын сизди чыгаруу чечимине Атамбаевдин тиешеси барбы же жокпу?

Батыров: Ал мага белгисиз.

Суроо: Сиз кыргыз бийликтегилери менен кандай мамиледе болгонсуз. Аларды колдогонсузбу?

Батыров: Бишкекте болуп өткөн 7-апрелдеги төңкөрүштөн кийин баарына маалым – Бакиев качып кеткен. Кыргызстан экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн эле. Алар өзбектер четте турушун каалаган эмес. Ошондуктан алар ортого көп адамды салып, мага байланышып жолугушкан. Колдоого убадалаштык. Бакиевдерди Оштон, Жалал-Абаддан кууп чыгууга өзбектердин салымы болду. Ошол себептен бүгүн мен ушундай абалда жүрөм.

Суроо: Атамбаев менен мамилеңиз кандай болгон?

Батыров: Өтө жакшы, досторчо болгон.

Суроо: Текебаевдин Каптагаевге таянып берген маектеринин биринде «Кадыржан аке чыгып турсун деп айткан» деп жатат?

Батыров: Менин өлкөдөн чыгып, кайтып келбей турушумду сурангандар тууралуу кийинчерээк толук, анык жооп берем.

Суроо: Сиз жана өзбек лидерлери Жалал-Абад, Оштогу өзбектердин митингдерин өз каалооңор менен кылгансыңарбы же өкмөттүн суранычы менен өткөргөнсүңөрбү?

Батыров: 2010-жылы 13-майда 3 облусту Бакиев менен Үсөн Сыдыковдун тарапташтары басып алгандан кийин Отунбаева менен Бекназаров телеканал аркылуу элден жардам сурашкан. Менин өзүмдөн да жардам сурашкан. Конституцияда өзбектер бир топ маселелерди ортого койгонбуз. Улут катары, кыргыз жараны катары сунуштарды эске алгыла дегенбиз.

Суроо: Талаптарыңар кандай эле?

Батыров: Өзбектер жашаган жайларга, өзбек мектептерге бюджеттен ачык, тегиз каражат бөлүнсүн дегенбиз.

Суроо: Биз митингдер тууралуу сурап жатабыз.

Батыров: Ачык эле өзбек тилинин, өзбек кадрларынын орду болушун талап кылганбыз. Бул талаптар Убактылуу өкмөткө жаккан эмес. Бирок, ушуга карабастан алар суранычын токтоткон жок. Басып алуу тууралуу факт болду. Жалал-Абадда, Ошто өзбектер көп жашайт. Биздин университеттин алдына чогулган элди көрүп, Шакиров деген үн күчөткүчтө ачыктан ачык элди пикетке барууну айтты. Мындан тышкары Бектур Асанов, Каптагаев, Отунбаева, керек болсо Темир Сариев телефон аркылуу чалып, колдоп турушубузду суранышкан. Ошондуктан биз жардам бергенибиз анык.

Суроо: Демек, Жалал-Абад жана Ошто өзбектердин митингдерин Убактылуу өкмөттүн суранычы менен өткөргөнсүздөр. Ушандай деп айта аласызбы?

Батыров: Митингдерди уюштуруу үчүн эмес, Үсөн Сыдыковдун тарапташтары басып алган 3 облусту бошотууга өзбектерди топтогонбуз. Убактылуу өкмөттү колдоп Оштогу 2 мектепте, Жалал-Абадда ачык митинг өткөргөнбүз.

Суроо: Сиз ыңкылаптан кийин, апрель, май айларында Өмүрбек Текебаев менен жолугушкансызбы?

Батыров: Мен Текебаев менен ошол убакта жолуккан эмесмин. Аны менен иш алып барган Абдусаламов Улугбек аке. Ал Текебаев менен Конституция долбоору боюнча комиссиянын мүчөсү эле. Мен Текебаев менен ал убакта сүйлөшкөн эмесмин.

Суроо: Кабарыңыз бар, бир айдан бери Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда маалымат согушу болуп жатат. Текебаев сиздин мүлкүңүзгө байланыштуу маалымат айтты. Сиздин Кыргызстандагы мүлкүңүздү башкарып жаткан адам КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлердин бири деди. Мүлкүңүздү ким башкарып жаткандыгы боюнча маалыматыңыз барбы?

Батыров: Карамат Батырова 2 жыл мурун президент А.Атамбаевге мүлктөрдүн таланышы боюнча ачык арыз жазган. Чоң заводду бузуп, 4 миң тонналык металлды жок кылгандардын башында облустун прокурору турган. Ал бүгүн Башкы прокурордун орун басары. Мындан тышкары, ушул жылы менин кол тамгамды жасалма түрдө коюшуп, уулумдун үйүн жасалма кол менен Бакиев Санжарга өткөрүп беришти. Президенттин администрациясы, президент болуп жаткан окуялардын баарынан кабары бар. Бирок, бир да жолу мыйзамдуу чечкиле деп айткан жок. Тескерисинче, прокуратура сотко аралашып, тиешеси жок жерлерге да аралашып, бул иштин башында турду.

Суроо: 6 жылдан бери өлкөдөн тышкарыдасыз. Кыргызстанга кайтуу ниетиңиз барбы? Пландарыныз кандай?

Батыров: Кызыктуу суроо. Саясатчыларда бир сөз бар: «Эгер сен саясат менен алектенбесең, сени менен саясат алектенет». Алмазбек Атамбаев акыркы убакта менин атымды токтотпостон атап, чоң сепаратист деди... Бул туура эмес. Ошон үчүн мен Варшавага ЕККУ менен сүйлөшүп, ЕККУнун жыйынына келүүгө мажбур болдум. Бул нерселер менен эми мен алектенем. Алар эки калктын тынчтыгын ойлогонун көргөн жокмун. Максатым — жарык жүз менен Кыргызстанга кайтуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 24582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Mamasadyk
15:37, 13 октября 2016
КАДЫРЖАН БАТЫРОВ-УБИЙЦА! ИМЕННО ОН ОРГАНИЗОВАЛ ОШСКИЕ СОБЫТИЯ, КРОВАПРОЛИТИЕ. ЭТО НЕ ТРЕБУЕТ ДОКАЗАТЕЛЬСТВ. КАК ОН ПРИЗЫВАЛ К КРОВИ УВИДЕЛИ МИЛЛИОНЫ ЖИТЕЛЕЙ ЮГА КЫРГЫЗСТАНА. ЕГО НАДО ПОЙМАТЬ И ПЕРЕДАТЬ САМИМ НАШИМ УЗБЕКАМ. ЕГО САМИ УЗБЕКИ ГОТОВЫ РАСТЕРЗАТЬ НА МИЛЛИОНЫ ЧАСТЕЙ. ОН ОРГАНИЗОВАЛ ЭТИ СОБЫТИЯ ВОЗПОЛЬЗОВАВ ВРЕМЕНИ,КОГДА СТРАНА БЫЛА СЛАБА. ОН ЛЖЕЦ...АЛЛАХ ЕГО НАКАЖЕТ...
Нет аватара
Kiborgjan
09:25, 12 октября 2016
Атамбаев менен мамилеңиз кандай болгон?
Батыров: Өтө жакшы, досторчо болгон.
http://www.turmush.kg/news:312554?from=portal&place=inside ужас!
Нет аватара
milankaran
12:39, 11 октября 2016
Батыров: Ачык эле өзбек тилинин, өзбек кадрларынын орду болушун талап кылганбыз. Бул талаптар Убактылуу өкмөткө жаккан эмес. Бирок, ушуга карабастан алар суранычын токтоткон жок. Басып алуу тууралуу факт болду. Жалал-Абадда, Ошто өзбектер көп жашайт. Биздин университеттин алдына чогулган элди көрүп, Шакиров деген үн күчөткүчтө ачыктан ачык элди пикетке барууну айтты. Мындан тышкары Бектур Асанов, Каптагаев, Отунбаева, керек болсо Темир Сариев телефон аркылуу чалып, колдоп турушубузду суранышкан. Ошондуктан биз жардам бергенибиз анык.
http://barakelde.turmush.kg/news:312554/
И теперь кто скажет, что у истоков июньского кровопролития не стояли временьшики...? Вот и истина вылезла в наружу, если бы временьщики не одобрили бы действия этого сепаратиста, межнациональной резни не было бы... А Батыров что, он просто воспользовался ситуацией, и не выше просто на митинг, а вышел с оружием для захвата администраций и паралелльно уничтожая кыргызское население.
аватар
fox72
11:57, 11 октября 2016
Ушундай адамдар бир жерден бирди айтып башка жерден башка айтып бети чымырабай журо берет экен
Сарт Баартыров жана сага окшогон Кыргыздын эл бузарларын акыры акыйкатка тартат ойдо жактан...
Канча куноосу жок силердин бок иштеринерден алыс кыргыз озбек жарандары чайналып жем болду да жок болду
Ошону унутпагыла турганда да уктаганда да элестери меенерде болсун
Нет аватара
NA311819
11:16, 11 октября 2016
тварь ... таких нелюдей как ты батыров кот надо сжечь.... еще смеет требовать о выделении бюджета... иди на хи....р как наши девочки страдали парни девушки молодые были сожжены в тот страшный день, так и ты и твоя семья будете горетьв аду... и все временные правит.. члены их....
Нет аватара
aikut15
10:25, 11 октября 2016
больше всех тебя ждут Алайские.
Нет аватара
janov
09:28, 11 октября 2016
Убактылуу окмоттун мучолору, чырылдап конституцияны 2020 жылга чейин озгортпой туралы дегенинин себеби ушул. кылмыштарын 2020 жылы жабуу. кадыржан дагы ошону кутуп жургон. атамбаевтин 2010 жылдагы куноолуулор суралсын деген демилге менен конституцияны озгортолу дегенде бул шумпайдын пайда боло калганын карагыла. ошондуктан конституцияны озгортуп ушуларды жазалоо керек
Нет аватара
umkalai
09:24, 11 октября 2016
сепаратист кадыржан акмакты кара. ээси жоош болсо уйун коногу тейлейт, дегендей бул акмактын 2010 жылда кылган кылмыштарын эч ким унута элек. элди же европаны ушунтип калп айтып алдай алам дейби бул акмак?
Нет аватара
Azak
09:24, 11 октября 2016
Батыровдун 2010-жылдын сентябрь айында украиналык “1000” басылмасына берген маеги:
- Сиз Жалал-Абадда кырдаал курчуп турганда Текебаев менен байланышып турдунузу беле?
- Текебаев менен бир канча ирет жолуккамын. Мага Текебаев да чалып жардам сурап турган.
- Сиз анын өтүнүчүн канааттандырып турдунузбу, сизге ал ишенип жардам сурагандай мамилеңиздер жакын болгонбу?
- Ооба. Биз чогуу парламентте иштегенбиз. Мен депутат болсом Текебаев спикер болуп турган. Текебаев өзү эле менден сураган жок, мага анын бир тууган иниси Асылбек да келген. Ал биз менен университетте Улугбек Абдусаламов чогуу болуп сүйлөшүп, эл алдында сүйлөгөн. Бекназаров жана өкмөт чогулуп, атайын элге кайрылуу даярдап, Бакиев менен Сыдыковдун тарапташтары коркунуч жаратып жатканын айтып, колдоо сураган. Мага Роза Отунбаева, Бекназаров, Текебаев, Каптагаев байланышка чыгып турган. “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев да токтоосуз чалып турган. Анда ал вице-премьер- болчу”.

Текебаев мага чалып “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн ыктыярчыларынын куралган топту жибере турганын маалымдады. 14-май күнү эрте менен партиянын желектерин көтөргөн жаштар Жалал-Абаддын Ленин көчөсү аркылуу шаардын борборуна келди. Биздин университетет алардын жолунда болчу. Алар 2-3 миңдин тегерегинде экен. Биз кошулгандан кийин аянтка 8 миңдей киши чогулду.
Мына бул жерде эки жуздуулук. Текебаев менен Батыров Акаев маалынан бери дос. Аны Базар-Коргондуктар, бизден сурагыла. Текебаевдин Акмандагы уйуно Кадыржан далай ирет келип кетип турган.
Нет аватара
musa123
09:18, 11 октября 2016
Бытыров Текебаевдин куралы болуп жатат. Бул экоосу жакында эле Македониядан жолугуп чайлашкан. Чиркешович мен бийликке келгенде сени актап Кыргызстанга кайтарам деген экен. Эми мынтип маек берип отурат. Сепаратист Кадыржан сен эч качан Кыргызстанга жузун жарык бойдон кайта албайсын. Сени турмо кутуп турат. Жуздогон адамдардын каны тынч уктатпай жатса керек. Кадыржан менен Текебаевдин достугуна наалат. Акмактар!"
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу