Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Үйдөн тарбия көрбөгөн бала көчөдөн тарбия көрөт, - Биринчи май РИИБдин инспекция жетекчиси (маек)

Turmush -  Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Марлес Амантур уулу КР ИИМдин ведомстволук «Бетме-бет» гезитине берген маегинде мектеп окуучулары арасында терроризмге каршы жана жалпы эле өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

- Марлес мырза, окуу жылынын башынан бери райондун жетекчилеринин катышуусунда атайын лекциялар окулуп келген. Жыйынтыгы кандай болду?

- Райондогу күч түзүмдөрүнүн башчылары, райондук коопсуздук кызматынын, билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектептер арасында терроризмге каршы жана жалпы эле өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 6-11-класстардын окуучуларына атайын лекцияларды өттүк. Себеби, дал ушул класстарда окуган балдардын курагында кылмыш ишине баргандар көп болот. Алардын арасында жасап жаткан ишинин кылмыш жоопкерчилиги бар экенин сезбегендер, түшүнбөгөндөр кездешет. Жыйынтыгын азыр байкап жатабыз, балдар арасында биз айткан маселелер боюнча түшүнүктөр пайда болду, аны менен бирге өспүрүмдөр арасында катталган кылмыш иштери азайды. Кудай буйруса, келаткан жаңы окуу жылында лекциялардын 2-этабын баштайбыз, анда баңгизатын, чылым чегүү ж.б. зыяндуу көрүнүштөр тууралуу баяндап, видео роликтерди көрсөтөбүз.

-Мектептерде  тескөөчүлөр тарабынан ойдогудай иштер жүргүзүлүп жатат деп ишенесизби?

-Ооба, ар бир мектепке бирден кызматкер бекитилип берилген. Ал жерде бир гана окуучулар менен эмес, мектеп администрациясы, ата-энелер менен да иш жүргүзүлөт. Ар бир мектепте алдын алуу кеңештери түзүлгөн, ага биздин тескөөчү, окуу бөлүмүнүн башчылары кирет. Ал кеңештер тарабынан учурда окуучулар арасында такай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Өлкөбүздөгү ички жана тышкы миграцияга байланыштуу, көбүнесе балдар кароосуз, тарбиясыз калып жатат. Мына ушул балдарды жакшы жолго багыттоо да милиция кызматкерлеринин милдеттеринин бири болуп калды десек болот.

- Айрым директорлордун биздин тескөөчүнү өзүнө баш ийдирип алууну каалаган учурлары бар экен. Иш жүзүндө бул туура болобу?

-Мындай учурлар иш алгачкы башталган кездерде болгон. Биринчи май районунун акиминин катышуусунда директорлор арасында атайын чогулуш өткөргөнбүз. Билим берүү министрлиги менен биздин атайын келишимибиз бар, директор биздин тескөөчүнү өзүнө баш ийдирип алууга эч кандай укугу жок. Тескөөчүнүн өзүнүн укугу, функционалдык милдети бар. Аны биз өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Аны менен бирге директорлор арасында болгон кылмыш иштерин жашырууга аракет кылган учурлар да болгон. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт” дейт, биз мындай учурларды жашыруу менен эч кандай жакшы нерсеге жетишпейбиз. Райондук акимиатта ар бир чейректе координациялык кеңешме болуп турат, анда мындай учурларды болтурбоо тууралуу ачык айтып келебиз. Жаап-жашыруу болбосун азыр баары түшүнүп калышты, бардык учурларды кылдат иликтеп, тактап турабыз.

-Кароосуз калган балдарды улам терип, улам чогулта бересиңер. Алар чыгып алып улам көнгөн жерлерине келе беришет. Мен билгенден бул көрүнүш кайталанып эле келе жатат.

-Биринчи чейректе биз мындай рейддерди жети жолу өткөздүк. Бул рейддерди өткөрүүдө көп күч талап кылынат. Компьютердик жайларды, жертөлө, кафелерди, люктарды ж.б. текшерип чыгабыз, анан ата-энелерин чакырып балдарын колдоруна карматабыз. Карматкан күнү да балдар кайрадан качып кетет, мисалы, бир эле бала рейд учурунда 2-3 жолу түшүп калышы мүмкүн. Акыркы жылдары талдап көрсөк, ата-энелердин жоопкерчилиги абдан эле төмөндөп кетиптир. Мыйзам чегинде ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керек деп эсептейм, анткени баланы үйдөн тарбиялоо керек. Үйдөн тарбия көрбөгөн бала көчөдөн тарбия көрөт. Анан, жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо милициянын эле милдети эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин унутпасак. Сиз айткандай, балдарды топтоп, кайра таратуунун да кандайдыр бир деңгээлде жыйынтыгы болот, бирок алыс кете албайбыз...

-Бул кызматта иштеп жүрүп эмнени байкадыңыз? Эмнени оңдош, эмнеге көңүл буруш керектиги тууралуу өзүңүздүн да ой-пикириңиз, сунуштарыңыз жаралгандыр.

-Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы – бул жөн эле иш эмес, жашоо-турмуш. Жаш балдар менен иштөөнүн өзү кыйын, ал үчүн ыкмалар, билим керек, психолог болушуң керек. Ошондуктан жаш өспүрүмдөр менен иштей турган кадрларды тандоого өтө кылдат мамиле жасалса. Жаш баланын тилин таба албасаң жумушуң алдыга жылбайт. Бала кылмыш кылган күнү да, ал - бала экенин эсибизден чыгарбообуз зарыл. Себеби, ал бала бул ишке түшүнбөстүктөн, бирөөнүн таасиринен, түрткүсүнөн улам барышы мүмкүн. Бизде азыр балдарды кармап, камап, абак жайга жөнөтүү керек деген талап жок, азыр кылмыштуулук боюнча балдарга түшүндүрүү, анын ички туюмуна, аң-сезимине жеткире билүү биринчи орунда турат. Кыйкырып-бакырып эмес, психологиялык ыкма менен жеткирүү керек. Баары эле биздин инспекциянын ишин алып кете албайт, айрымдар ойлогондой бирөөлөр үчүн биздин жумуш убактылуу деп ойлобойм. Балдардын тилин таап, биздин иште жүрөгүң менен иштебесең, жумуш алга жылбайт. Балага жардам берип, түзүлгөн кырдаалды тактасаң, бала жан-дүйнөсүн ачат, кыйнаган нерсени сени менен бөлүшөт. Биздин иште балдар катышкан мынча кылмыш ачтым дебестен, мынча балага жардам бердим деген принцип менен иштеш керек.

-Милицияда баланча кылмыш иши катталды, мынчага азайды дей беребиз дайыма. Сиз айтыңызчы, канча баланы оң жолго салып, кандай жаман иштерге бөгөт кое алдыңар?

-Мыйзам боюнча айтсак, 94 баланы каттоого алыптырбыз. Анын арасында кылмыш жасап, бирок жашы 14кө чыга электер бар. Алардын ар бирине жекече мамиле жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар бирин мындан аркы терс жолдон сактап калуу биздин милдет. Кылмыштуулук бар, жок деп айта албайм, бирок өткөн жылга салыштырмалуу быйыл аз. Анын себеби жогоруда айтылган лекциялардын таасири деп билсе болот, анткени лекция угушкан жогорку класстын окуучулары  башка класстын балдарына “антпегин, минтпегин” деп тарбиялап турушат.

-Жаш өспүрүмдөр арасында кайсыл убакта кылмыштуулук көп катталары тууралуу талдап көрдүм дедиңиз эле.

-Ооба, талдап көрдүм. Жайкы каникулга тараган балдардын айрымдары айылга чоң ата-чоң энелеринин колуна кетишет, айрымдары интернет-клубдардан чыгышпайт дегендей. Мына ошол 3 айдын ичинде балдардын психологиясы өзгөрүп, өздөрү чоңоюп мектептен кайтышат. Кээде жаман нерселерди үйрөнүп келишет экен. Айтайын дегеним сентябрь, октябрь, ноябрь айларында биз балдар менен катуу иштешибиз керек, ушул айларда балдарды жакшы жолго салып алсак, анын үзүрү сөзсүз болот. Дал ушул айларда, мектеп ачылган убакта кылмыштуулук көбөйөт, опузалап акча талап кылмай, күч менен тартып алмай, уруш-талаштар дал ушул айларга туш келет. Жумушубуз мектеп менен байланыштуу болгондуктан, 2-3 жылдан бери тескөөчүлөрүмдүн баарын эмгек өргүүсүнө жай айларында жөнөтүп жатам.

-Акыркы мезгилде зордук-зомбулукка кабылган балдардын көпчүлүгүнүн ата-энелери чет жактарда иштегендер болуп жатканы буга таасир тйгизүүдөбү?

-Биздин райондун аймагындагы мектептерде окуган 616 окуучунун ата-энелери Россияда, Казакстанда, Түркияда жүрүшөт. Айрымдарынын атасы алыста болсо, айрымдарыныкы энелери дегендей. Туугандарынын колунда калгандар абдан көп. Ошентип бала үй-бүлөдө толук кандуу тарбия албай келет. Энеси жанында жок, атасы иштен чарчап келип, баласы менен иши жок учурлар арбын. Мисалы, 1-чейрек ичинде эле биздин аймакта 25 бала үйүнөн кетип калган учур катталды. Бул фактыларды талдай келсек, баары келип ушул миграция маселесине такалат. Бир жолу Жибек Жолу көчөсүнөн кароосуз калган 3 жашар бала табылды. Ал баланы кароосуз калган балдардын борборуна жеткирген соң, ата-энесин издей баштадык. Баланын энеси Россияда экен. Уулун эжесине таштап кетип, бала кароосуз калган. Азыр энесинин келишин талап кылып жатабыз, мыйзам чегинде баланы анын туугандарына берүүгө болбойт. Балдар биздин келечегибиз. Андыктан бир да бала көчөдө калбай, ар биринин ата-энеси, окуганга шарты болсо, ар бир бала балалыктын таттуу күндөрүн баштан кечирсе экен дейм...

Булак: «Бетме-бет», Ы.Сагымбаева

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×