Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Интеллигенттүү, жардам берүү каалоосу бар назик кыз - президент А.Атамбаевдин кичүү кызы Алия (маек, 2-бөлүк)

Turmush -  Маектин экинчи бөлүгүндө жаш сүрөтчү соцтармактардагы комментарийлерге кандай рекация кылганы, фамилиясын эмне үчүн өзгөрткөнү, жана албетте, кайрымдуулук жаатындагы пландары жөнүндө айтып берди.

- Жакынкы келечекке кандай пландарыңыз бар?

- Чыгармачылыкка тийиштүү... азырынча мен бир сүрөттү тартып жатам, мага 10го жакын башка дагы идеялар келип жатат. Бул жөн гана, көзөмлдөө кыйын болгон идеялардын агымы. Мунун баарына убакыт керек. Графикадан тышкары менде дагы бир канча кызыгуулар жана долбоорлор бар. Учурда, иштерим түшүрүлгөн стикерлер менен футболкаларды чыгарып жатам. Стикерлер чыкты, ал эми футболкалар менен иш бир аз созулуп жатат, анткени аларды начар тигип коюшуптур, бирок кайра тигип жатышат. Аларга менин тарткан сүрөттөрүм басылды, эми ушул аптада даяр болуп калышы керек.

Бардык футболкалар менен стикерлерден түшкөн сумманын бөлүгү өндүрүш чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн калат. Бирок калган бөлүгү кайрымдуулук фондуна берилет. Мен өзүмө бир нерсе калтырып калайын деген оюм жок. Анткени мага ушуну менен алектенген жагат.

2e50929f9ba7234db94d29a70bc6db18

- Өзүңүздүн картиналарды көргөзмөгө коердо түшкөн акчаларды кайрымдуулукка жумшаарыңызды билчү белеңиз?

- Кайрымдуулук жөнүндө чечим, сүрөттөрдүн көпчүлүгү сатылганын билгенимден кийин кабыл алынды. Башкача айтканда, иштерим сатылат деп ойлогон да эмесмин. Мен көргөзмөгө, биздин адамдар мен иштеп жаткан агымды түшүнбөсө керек деген ойдо койгом. Менин иштерим убакыттан бир аз илгери жылып кеткендей. Анткени азыр адамдарга май боёктор менен тартылган ар түрдүү пейзаждар жагат, ал эми жаштарга кыздын сүрөтү түшүрүлгөн акварель гүлдөрү жана башка субмаданият түшүнүктүүрөөк, мен аларды көргүм келбейт. Мен ушундай иштерди көргөнүмдө, ачуум келип кетет. Менин сүрөттөрүм таптакыр эле түшүнүксүз болот деп ойлочумун, жана, албетте, алар сатылганын укканымда кайрымдуулук жөнүндө ойлондум.

Акчалар бир канча убакыт өзүмдө болуп турду, анткени мен мага туура келген фондду издеп жаттым. Маанилүү критерийлердин бири жетекчиликтин тактыгы, чынчылдыгы болду. Жыйынтыгында Даун синдорму менен ооруган балдардын ата-энелеринин коомдук фондуна токтолдум. Фонддун жетекчиси менен тааныштым, ал абдан жылуу сүйлөгөн жакшы эже экен, биз экөөбүз дароо эле достошуп калдык. Белгилей кетсем, бул эженин жылуу кабыл алганы жасалмалуулук болгон жок. Мен муну айтканымдын себеби: «Ананчы, кайрымдуулук жасалып жатса жылуу кабыл албаганда кантмек эле» деген булганыч ойлор, сөздөр айтылышын элестетип жатам. Жок. Менде ички туюмум жакшы өнүккөн, мен өзүмдүн ички үнүмө ишенем — ал мени эч качан сатып кетпейт. Ошондуктан мен эч кандай шек санабастан аларга акчаны бердим.

Мына 4 жумадан бери мен балдар менен сабак өтүп жатам. Биринчи күнү, балдарга жабыштырып бир нерселерди жасоо үчүн бир канча килограмм жуурума чопо алып келдим. Биз мамалактарды жасап, сүйлөшүп отурдук. Бул абдан кызыктуу болду. Чынын айтканда, балдар менен биринчи сабагыма бара жатканда, менде чоң толкундануу болду, анткени кайсы бир учурда мен абалга көзөмөлдү жоготуп коем го ойлодум. А бирок баары жакшы өттү. Мен балдар менен иштөөдө эбегейсиз ынтызарды сездим. Мени балдардын чынчылдыгы кубандырат. Сүрөт тартууда чоңдорго караганда балдар менен жеңилирээк деп айтса болот. Анткени чоңдор кандайдыр бир кысылууда болушат.

- Сиз фондду издеп жатканда, балдар фонду болушун издедиңизби же каалагандай фонд болушу мүмкүн беле?

- Бул каалагандай кайрымдуулук уюму болмок, анткени балдарга жардам берүү каалоомдон тышкары, жаныбарларга да жардам берүүгө умтулам.

Баса айтмакчы, 3-4 жыл мурда акварельден ачык каттарды жасап, аларды саткам. Андан чогулган 1 миң 300 сомду жаныбарларга жардам берүү фондулардын бирине бергем. Мен үчүн ал укмуштуудай жеңиш болгон эле! Мен абдан бактылуу болгом! Жардам берүү каалоом ошондо эле жаралган деп ойлойм. Албетте, 1 миң 300 сом 200 миң сомдон айырмаланат, бирок ошентсе деле ал кезде бул мен үчүн кандайдыр бир сонун нерсе эле. Мен ошондо кайрат алгам.

176d5f782d66c16a360a5381d4ee4fef_0_2500_0

- Сүрөттөрүңүз сатылгандан кийин түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшадыңыз. Сиз тууралуу көптөгөн маалыматтар жарыяланды. Кийинчерээк сиздин фамилияңыз тууралуу маалыматтар чыкканда сиз ага кандай реакция кылдыңыз? Балким сиздин жашооңузда бир нерсе өзгөргөндүр?

- Менин кайрымдуулугум боюнча алгач бир басылма жазып чыкты, андан кийин эмне болуп кетерин күткөн эмесмин. Тактап айтканда, менин фамилиям боюнча комментарийлер айтыла баштады. Бул комментарийлерден кийин бир гезит менин фамилиям менен бирге кайрымдуулугум тууралуу жаңылык чыгарды. Ошондо менде жийиркенүү жана адамдарга болгон жек көрүү сезими пайда болду. Ал сезим кыжырданууга жана дендирөө абалга алып келди. Мен адамдар ушунчалык өздөрүнүн стереотиптери, туура эмес ойлору менен камалып калганын билбептирмин.

- Сиз азыр позитивдүү комментарийлер тууралуу айтып жатасызбы же негативдүүбү?

- Негативдүү комментарийлер тууралуу. Позитивдүү комментарийлер тууралуу эмне айтуу керек, алар мага жагымдуу болду. Жакшы маанайдагы комментарийлерди окуганда өзүмдүн көздөрүмө ишенген жокмун. Ал учур мага абдан жагымдууу болуп, мага дем берди. Анткени ошол учурда мен колдоого муктаж болуп тургам. Ошол учурда менин уйкусуз өткөн бир ай убактым бекер өтүп кетпегенин уккум келди. Ал эми отуруп алып сын айткандар албетте менин күлкүмдү келтирди. Ошол эмоциялардан менде эч нерсе калган жок. Балким бул азыраак момун болуу деп аталаттыр.

- Көңүлдүн борборунда сиздин тарткан сүрөттөрүңүз эмес, фамилияңыз жана ата-энеңиз болгону сизди кабатыр кылган жокпу?

- Ооба, бул мени биринчи кезекте кабатыр кылды. Анткени менин жакын досторум фамилиям мен үчүн оор тема болуп келгенин тастыктап бере алышат. Мектепте дагы өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Жоголуп кетким келчү. Мени обу жоктонуп жатат дегендерди уккандан кийин көчөгө чыгуу да кыйын болуп калчу. Бул мен үчүн, эмне айтарымды да билбей калган ушунчалык абсурд болду. Бул абсурд ачуу жана бир эле убакта күлкүлүү да болду.

- Адамдардын сизге болгон реакциясы өзгөрдүбү, азыр сизди билип калыштыбы?

- Ооба, азыр өзгөрдү. Бирок, мен өзгөчө социалдык жашоо образын өткөрбөйм. Мени бирөө байкашы үчүн дайыма клубга барбайм. Ошондуктан анчалык деле көңүл бурууну байкадым деп айта албайм. Эгерде андай болсо анда мага жагымсыз болмок. Мен экстравертмин (ачык мүнөздүү адам), үнүмдүн акырын чыкканына карабай, эл алдында өзүмдү жоготуп койбойм. Ошону менен бирге эле элдин көңүл буруусу мага оор сезим калтырмак, анткени билем, ал эмненин негизинде. Адам сүрөтчүнү жөн гана анын чыгармачылыгы үчүн аңдып жүрмөк эмес. Бул чанда гана кездешүүчү учур болмок. А бул жерде фамилия үчүн ушунча көңүл буруу болуп жатат, бул мен үчүн оор болду. Мунун баары менин оор азабым болду. Азыр деле ошондой, бирок, кош көңүлдүүлүк менен гана.

c7212c15967e5b6e9474723bb4e81f90_700_0_0

- Мындай сөздөрдүн жарыяланышын ата-энеңиз кандай кабыл алды?

- Биз аны талкуулаган жокпуз. Бул ызы-чуу болгон 3 күндө мен Астанада курбу кызымдын үйүндө болчумун. Мен ал учурда алыс жакта болдум, бирок барын телефон аркылуу окуп жаттым. Курбум мендеги реакциянын барын кабыл алууга туура келди. Бирок үйгө келгенден кийин ата-энем мага социалдык тармакка кирбешимди айтышты. Алар мени колдоду, менимче алар бардыгын окуду. Бирок алар ага өзгөчө көңүл бурушпайт. Албетте, алар мага дайыма өз алдынча болуу керектигин айтышат. Бул — бала кезимден берки №1 эреже болчу.

- Эгерде сиз окусаңыз, позитивдүү пикирлер негативден да көп болду деп айтсак болот. Сизди башка президенттердин балдары менен салыштыруулар болгону түшүнүктүү. Бирок, сиз ошол топтон бөлүнгөн үчүн көп пикирлер айтылды. Балким, алар сиздин чыгармачылыкты козгобогондур, бирок ошентсе деле...

- Мен, албетте аларды да окудум. Эринбестен жакшы сөздөрдү жазгандарга терең ыраазычылык билдирем. Алар жазган сөздөрүн мен көргөнүмө ишенсе болот, себеби мен бардык социалдык тармактарды карап чыктым. Бардык пикирлер, жада калса сын айтылган пикирлер да окула турганын айткым келет. Себеби мага каардуу болгон адамдар айткан чындыкты, жада калса досторум да айтпайт. Сынчылар сени таарынтуудан корккон досторго караганда дайыма батымдуураак (чечкиндүүрөөк). Жалпысынан сынды туура кабыл алам.

- Бул 3 күндөн кийин социалдык түйүндөгү барачаңызга фамилияңызды алмаштыра тургаңызды жаздыңыз. Алмаштырылдыбы?

- Чындыгында, мен фамилиямды мындан 2 жыл мурун алмаштыргым келген.

- Сиздин фамилия Атамбаевабы?

- Азыр эми Шагиева. Мен жаңы паспорт алып, расмий түрдө Шагиева болдум.

- Фамилияңызды болуп өткөн окуядан кийин алмаштырдыңызбы?

- Жок. Мен фамилиямды алмаштырууну жарым жылдан бери ойлонуп жүргөм. Анткени, мен мисалы унаа айдоону үйрөнгүм келет. Мага ашыкча көңүл бурдуруу таптакыр кереги жок. Ошондой эле кайрадан Академияга кабыл алынгандыктан, өзгөчө көрүнүүнү таптакыр каалабайм.

- Кийинүү стилиңизди мүнөздөп берсеңиз.

- Мага келишимдүү, сымбаттуу кийинүүнү жактырган Тильда Суинтон абдан жагат. Мен токтоолукту абдан жакшы көрөм. Жана кармануу кысылуудан чыкпашы керек, а адам көрсөтүп жаткан, бирок байлап койбогон нерседен. Мен тыкандыкты жактырам, мага кара өң өзгөчө жагат. Ошондой эле кара өңдөгү кийимди ачык түстөгү эрин помадасы менен айкалыштырууну жакшы көрөм.

- Стилиңиз боюнча сиздин кумир Рената Литвинова деп ойлогом.

- Рената Литвинова мага абдан жагат. Мени социалдык баракчалардан ага салыштыруулар болгондон кийин анын берген маектерин бүт окуп чыктым. Кандайдыр бир окшоштуктар бар экенин түшүндүм. Менин үнүм назданып, кылыктанып жаткандай угулулат, бирок бул атайын эмес.

7a1fd682dc9ece2ddc60d2495b1b825e

- Сиз, менимче, бир нече жолу моделдердей болуп сүрөткө түшүп бергенсиз.

- Жетишээрлик көп эле жолу деп айта алам. Мен Петербургда «Вконтакте» түйүнүнөн фотографтар кесипкөй эмес моделдерди издеген топту таптым. Алар жөн гана чогулуп алып, үйрөнүшөт экен. Ал акысыз жүргүзүлөт. Мен өзүмдү фотограф жана модель катары да сынап көрдүм. Эгерде фотограф болууну кааласаң, анда камера сени кандай көрүп турганын түшүнүшүң керек. Ал эми модель боло албайм, себеби менин боюм жапыз (кыска). Бирок жакында көйнөктөрдү көрсөткөн фотосессияга катыштым, мага абдан жакты.

- Моделдик бизнести өздөштүрүүнү каалайсызбы?

- Жок. Мага жакты, бирок мен аны өздөштүрүп, убакыт бөлбөйм го.

d5ef5f9c2c607cf3fa11ed0bb6e031a8_700_0_0

- Өзүңүздү 5 жылдан кийин кандай элестетесиз?

- Дагы бир жолу кайталайм, мен обу жок мышык баккыч болуудан корком. 5 жылдан кийин, менимче, бир нече көргөзмөлөрдү өткөргөн болом, анын ичинде чет өлкөлөрдө дагы. Мен алдыма чечкиндүү максаттарды коём жана андан коркпойм. Мен ала көөдөндүктөн, орунсуз сөздөрдү сүйлөгөндөн корком, 5 жылдын ичинде ал пландарымды ишке ашырууга өтө тактык мамиле жасайм. Мен сүрөтчү катары өлкөдөн сырт жакка чыккым келет. Кыскасы кандайдыр бир эл аралык деңгээлди өздөштүрүп же заманбап искусство боюнча сынактарга катышып дегендей.

- Биздин окурмандарга эмне каалайт элеңиз?

- Окурмандарга өздөрүнө чынчыл болууну кааламакмын. Менимче, башка бирөөлөргө эмес өзүнө чынчыл болуу манилүү. Бири экинчисинен жаралат, бирок ошентсе деле. Ошондой эле өз пикирин билдирүүдө чечкиндүүлүктү каалайм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3368
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×