При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Алия Шагиева чыгармачылыгы, ата-энеси жана кайрымдуулукка 200 миң сом которгону жөнүндө (маек, 1-бөлүк)

Turmush -  26-февралдан 19-мартка чейин Бишкекте жаш сүрөтчү Алия Шагиеванын «Метаморфозы» деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү өткөн. 24-мартта Алия, картиналарды сатуудан түшкөн акчаларды – 200 миң сомдон ашуун каражатты – Даун синдрому менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин «Сантерра» коомдук фондуна бергенин билдирди.

Алия Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы.

- Балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Сүрөтчүгө анын балалыгы чоң таасир этет деген миф, мындай пикирди адамдар өздөрү таңуулап коюшат. Бул канчалык чындык билбейм, бирок менин учурумдан алганда, албетте, балалык менин азыркыдай калыптанышыма чоң таасирин тийгизди. Анткени, өлкөдөгү саясий абалга катуу көз каранды болгон учурлар болду, кээде бир жактарга качууга туура келчү. Ошондуктан таасирлер, албетте, көп. Жакшы учурлар деле болду. Кандайдыр бир коркунучтуу нерсени айтып даттанбайм.

Балалыгымда сүрөт тартуу жетишээрлик кыйын болчу. Менин сүрөттөрүм башка балдардын сүрөттөрүнөн айырмаланчу деле эмес. Аларда укмуштуудай деле эч нерсе жок эле. Мен баштан баштап тартууга такыр эле ыгым келбей капа болгонум эсимде. Мен бизди төртөөбүздү: апамды, атамды, агамды жана өзүмдү тарта алчумун. Бирок андан көбүрөөк тарта алчу эмесмин. Жыйынтыктап айтканда, балалыгымда мен кийин сүрөт тартып каларыма бир дагы кыйытма жок эле.

- А сиз ким болгуңуз келчү?

- Бала чагымда мен апамдын артынан кайталай берет элем, ал — медицина кызматкери. Мен дагы медицина менен кетем деп ойлочумун. Андан кийин, мен эгерде кандан корксом, анда ал коркунучумду жеңүү үчүн пластикалык хирург болом деп айтып жүрдүм.

Кийин бир нерсени далилдөө каалоомду токтотуп, жазуучулук менен алектене баштадым. Мен адабият сабагынан берген мугалимге өзүмдүн биринчи аңгемелеримди алып келчүмүн, ал болсо менин муундарым Достоевскийдин муундарына окшош деп айтчу, башкача айтканда, мен акылман сүйлөмдөрдү жактырчумун. Баарын татаалдантып. Негизинен баарын татаалдаштырган менин ажырагыс жана мага тоскоолдук кылган бөлүк. Албетте, жазуучулуктан улам журналист болууну көпкө чейин ойлонуп жүрдүм.

Бир жолу капысынан сүрөт тарта баштадым. Бул жерде романтика жок, эч кандай, тилекке каршы. Эч кандай эргүү да болгон эмес. Бул жөн эле мага үйүлүп түштү.

- Балалыгыңызда сүрөттү башкалардан мыкты тарта алчу эмесмин деп жатасыз. Сизде кантип кокусунан пайда болду? Бул эмоцияларбы же тескерисинен сиз машыга баштадыңызбы?

- Окуя эң жөнөкөй эле. Бир күнү мен зээригип жатып, жанымда турган балдар жомокторунун китебиндеги Дюймовочканы кайра тарта баштадым. Бул жөнөкөй эле контур сызыктуу сүрөт болчу. Анан бул сүрөт китептегиге окшошуп калгандай көрүндү, анан мен бул жөнүндө апама айттым, ал академиянын алдындагы мектепке баруумду сунуштады. Бул 10-классымда болду.

- Сиз эмнеден эргүү аласыз?

- Мен натурадан гана тартчумун. Башкача айтканда натюрморттор, пейзаждар жана портреттер болчу. Эч нерсе ойлоп табуунун кереги жок болчу.

Азыр менин тартуу адатым мурдагылардан таптакыр башка. Анткени мен 3 жыл мурда композицияларды ойлоп таба алчу эмесмин. Азыр болсо эркин композициялар менен алектенем.

Мен тартууга болгон муктаждыкты сезем. Бул мен үчүн дем алуу сыяктуу физикалык муктаждык. Эгер мен бир күн сүрөт тартпай калсам, өзүмдү жаман сезем. Эмне мистика экенин билбейм.

1fe99e22e4c9ca2539c0d489f0fab1b5

- Сиз бир нерсе тарта алганыңыз биринчи жолу 10-классыңызда болгонун айтып жатасыз. Сүрөт тартуу боюнча билим алууну кантип чечтиңиз?

- Мен 10-класста академиянын алдындагы мектепке бардым. Андан кийин сүрөтчүлөр академиясына тапшырдым. Ага чейин жөнөкөй эле мектепте окугам. Живопистик факультетке тапшырган болчумун. Живописчи болом деп ойлочумун. Түстөрдү жакшы көрчүмүн. Азыр болсо такыр башкача. Албетте түстөр пайда болот деп ойлом. Акырындан түстүү карандаштарды кошуп жатам.

- Академиядагы окууну кантип уланттыңыз? Санкт-Петербургдагы окууну кантип баштадыңыз?

- Сүрөтчүлөр академиясында бир жыл окудум. Андан кийин себептер менен ал жактан кеткенге мажбур болдум. Кийин Санкт-Петербургдагы Н.К.Рерих атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырдым. Ал жакка тапшыруу абдан оор болду. Ал жакта да биздегидей эле факультеттер. Мен живопись факультетине тапшырдым. Ал жакта бир жыл окуп кайтып келдим. Менин келишим жеке себептерге байланыштуу болду.

- Өзүңүздүн окууну улантууну көздөп жатасызбы?

- Азыркы учурда мен ошол эле факультетте 1-курстун студентимин. Кыскасын айтканда, 3 жылдан бери 1-курстун студентимин. Бирок мен окууга туруктуу барган окуучуларга караганда көп нерсеге жетише алдым. Мен билим алуу керек деп ойлойм. Ошондуктан окууну улантам. Мен өзүмө талапты катуу коем.

- Сиздин сүрөт тартып жаткан учуруңуз бул эмоциянын толкунубу же жакшы ойлонулган белгилүү процесспи?

- Процесстин башталышынын өзү — бул эң эмоционалдуу. Идеянын пайда болушу — бул ташкындоо, аны көзөмөлдөө өтө кыйын. Эгерде ошол ташкындоону өзүңдө кармап, сүрөткө түшүрбөсөң, кийин ал кандайдыр бир коркунучтуу абалга айланат. Мен дароо муну эскизге түшүрүүгө аракет кылам. Бул көбүнчө карандаш менен чийилген белгисиз сүртүм болуп калат. Ал эми кийинки сааттар — бул ватманга чийүү учурлары. Тактап айтканда, толкундоодон кийин белгилүү бир иш башталат. Эгерде сүрөттө бир жери туура эмес болуп баратса менин ачуум келе баштайт.

54192626185030e9cdcbae5d273cd50a_700_0_0

- Эмне үчүн сиздин сүрөттөр ак-кара түстө, бул сиздин маанайыңызбы же стилиңиз ушундайбы?

- Стиль маанайга жараша пайда болот. Анткени баштапкы учур — бул адамдын абалы. Мен ак-кара түстөн дагы өзүнүн кооздугун тапса болот деп ойлойм. Графика дагы кооз болот, ал адамдын белгилерди канчалык колдонгондугунан көз каранды. Алар бир түрдүү болбошу керек. Жалпысынан, менимче, менин сүрөттөрүм кунарсыз эмес.

- Өзүңүздүн стилиңизди кандай мүнөздөп бере аласыз?

- Ал сюрреализм го дейм.

d361642016e71592cd5c4a7e9ac5d011_700_0_0

- Сиз өмүрүңүздү бүтүндөй искусствого арнагыңыз келеби же башка бир нерсеге да аракет кыласызбы?

- Менимче, адам ар тараптуу болушу керек, бирок ошону менен бирге эле ар бир искусство толук берилүүнү талап кыларын эске алуу керек. Искусство менен үй-бүлөнү айкалыштыруу абдан кыйын, ошондой эле искусствонун бир түрүн башка түрү менен айкарыштыруу да кыйын.

Ошентсе да мен өзүмдү сүрөттөр жана видеотасмалар менен эркелетем. Мисалы, азыр мен силерге келгенге чейин курбум экөөбүз чөптүн үстүндө жүгүрүп ойноп, аны видеого түшүрдүк. Тактап айтканда, мен эксперимент жүргүзгөндү жакшы көрөм, мисалы, монтаж кылганды. Албетте, кино жана китепти да жакшы көрөм. Мен көп нерсени жакшы көрөм жана көп нерсе менен суктанам.

- Өзүңүз жараткан эмгектердин арасында жакшы көргөн сүрөт барбы. Эмне үчүн?

- Мен үчүн эмгектеримдин ар бири менен ажырашуу оор. Бирок ата-энеме жаккан сүрөттөр артыгыраак деп айтмакмын. Бул — «Кучак» («Объятия») деп аталган сүрөт, ал атама өтө жагат. Ошондуктан менин ага болгон сезимим күчтүү.

Мен дайыма процесстин жүрүшүндө ата-энемдин кабыл алуусу (реакция) тууралуу ойлоном, мен үчүн ал өтө маанилүү. Алардын пикири мен үчүн эң чоң кадыр-барк. Эмнегедир аларды кубандырууга болгон каалоом үчүн өзүмдү актанып жаткандай сезем. Мен дайыма аларга жашоодо эмнеге жетишкенимди көрсөткүм келет. Бул өтө оор сезим. Муну жашоого болгон укугуңду «далилдөө» деп атасак болот.

98173cd09fc60669b98d0298340e71c1_700_0_0

- Ата-энеңиз сиздин кызыгууну колдойбу?

- Жакшы колдоо көрсөтүшөт. Мен бул жагынан абдан бактылуумун, менде чыгармачылык менен алектенүү үчүн бардык шарттар бар — мага эч нерсе тоскоол болбойт. Менин кыла турган жумушум болгону — өзүмдү тартипке салуу, өстүрүү, өзүмдү тарбиялоо менен алектенүү жана жөн гана адам бойдон калуу.

- Эмне үчүн сүрөттөрдү сатуудан түшкөн алгачкы каражатты кайрымдуулукка берүүнү чечтиңиз?

- Мага ал каражаттын кереги жок болчу. Менде бар кийим-кечелер мага жетиштүү, тамак-аш дагы бар, кыскасы мен ач көз эмесмин. Бары бир биринчи орунда мен өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдөн да чоң иш жасагым келди. Экспозиция үчүн көргөзмөнү даярдоодо бир чоң картина кошуу керек болсо, мен эки жуманын ичинде 3 чоң сүрөт жараттым. Бирок менден бир нерсе күткөндөр үчүн бул чоң нерсе болсо, мен үчүн ал дагы аз болду. Бул менимче өзүңдүн жашооңду актоого болгон каалоо менен байланыштуу.

Мен дайыма жөн эле жашап жатпаганымды билгим келет. Мен үчүн бир нерсе жасоо өтө маанилүү. Мен пайдасыз аяктаган күндөргө капаланам жана менин иштөөдөгү маниакалдык каалоом бар. Ар күнү: «Мен каалайм, мен жасашым керек» деген каалоо менен ойгоном. Бирок «мен кылышым керек» деген сөздөн «менин каалоом» биринчи орунда турат. Андыктан өзүңдү кыйноонун кереги жок. Бирок, эгерде иштөөгө табигый умтулуу бар болсо эмне үчүн болбосун? Чындыгында мен келечекте обу жок мышык баккыч болуп калуудан корком.

312795834719a3c59f1d301b50773b6b_700_0_0

- Адамдын акча бергени анда канча каражат бар экендиги менен байланыштуу эмес. Бул акчага муктаж болбогондугуңуздан эле эмес болсо керек?

- Мен азыр кайрымдуулук тууралуу максаттарымды айтпай калдым, себеби адамдарга кайрымдуулук жасоону каалай турганыңды айтсаң, кайра сага таш ыргытып, жөн гана өзүңдү жарнамалап жатасың деп айта турганын түшүндүм.

Мен жөн гана ал тууралуу айтпай калдым. Бир нерсени кабыл алууга даяр адамдар кабыл алат. Ал эми «дивандагы эксперттердин» («диванных экспертов») катарындагы адамдар менин убактыма татыктуу эмес. Мен убактыма өтө олуттуу мамиле жасайм. Айтмакчы, убакытка келгенде мен өтө ач көз адаммын. Менимче, бизге берилген 80 жаш өтө аз убакыт. Менин пландарымдын көптүгү акыл-эсти адаштыра тургандай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4547
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
1989
15:54, 02 июня 2016
Сиз эч нерсеге конул бурбай аракет кылыныз. Албетте искусство адамдарынын журогу сезимтал келет дешет бирок антсе да алдыга осуу керек го
Нет аватара
1989
15:52, 02 июня 2016
Саламатсызбы, Алия Алмазбековна! Сизди келечекте Кыргызстандагы эн мыкты суротчулордун коро аларыма ишенен
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу