При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Министр М.Турганбаев: Мен кээде өзүмдү «басып жүргөн эле бута болушум керек» деп ойлоп коем (маек)

Turmush -  Ички иштер министри Мелис Турганбаев учурдагы жагдай тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маек курду. Бүгүн, 25-февралда ИИМдин басма сөз кызматы окуя боюнча М.Турганбаевдин жеке позициясы тууралуу маалыматты жарыялады.

- Мелис Токтомамбетович, кесиптешибиз Турат Акимов маалымат жыйында, «Мага жасалган кол салууну 99% Турганбаевден көрөм» деп айтты. Буга сиз кандай жооп кыласыз?

- Айткан сөзгө да кандайдыр бир негиз керек да. Анан негизи жок эле бир беткей айта берген туура эмес, чындыкка жатпайт.

-Азыр иликтөө иштери кандай жүрүүдө?

- Иликтөө иштери прокуратура менен бирдикте жүргүзүлүүдө. УКМК, күч түзүмдөрүнүн баары эле иштеп жатышат.

- Сиз менен жолукканда сүйлөшүүнү жаздырып алган турбайбы. «Аны жарыялачу болсом, эл аралык деңгээлде чатак чыгат» деп айтты. Ал эмне болгон жазуу?

- Эчтеке жок. Менин жардамчым түшүндүрмө бербедиби, 15-февралдабы же 16-февралдабы, телефон чалып, кабыл алуумду саранган. Өзүңөр билесиңер да, мен ар кандай журналистке ачыкмын. Жумушу менен журналист кабылдамага жазылып, келүүнү суранса, убакыт таап, кабыл алам, сөзүн угам. Мен өзүм башынан эле ошондоймун. Жардамчым: «Бир журналист кабыл алууну суранып атат» дегенде, «Макул, кезеке жазып кой, мен бошор замат келсин» дедим. Эмне маселе экенин сурасам (себеби, жумушум аябай көп болуп жаткан), «Бере турган бир маанилүү малыматым бар эле, Москвадан атайын кызматтын отставкадагы полковниги келди эле, ошол киши менен чогуу келебиз, ал өзү айтып берет» дептир. Мен макул болуп, 18-февралга жазганбыз. Айтылган күнү Акимов келди. Анан ал: «Сизге айткан жанагы киши шашылыш Москвага учуп кетип калды. Келгенден кийин жолуктурайын» дегендей сөз болду.

- «Турганбаев аябай ачууланды» деп атпайбы?

- «Тиги киши кетип калды, келгенден кийин жолуктурайын» дегенден башка эч кандай сөз болгон эмес.

- Турат Акимовго кол салууга байланыштуу эмнеге «бейбашчылык» беренеси боюнча иш козголгон? Адам өмүрүнө кол салынып атат да...

- Мен юрист катары айтайын. Башталышында биз фактыны карайбыз да. Тигил жерде бейбаштык болуп атат. Тергөөчү эч кимге көз карандысыз, биз ага «бул же тигил берене боюнча иш козго» деп айта албайбыз, болгон окуяны көрүп туруп, чечимди өзү кабыл алат. Анан тергөө иштери жүрө баштаган соң, фактыны карап туруп, ошого жараша кайра квалификацияланат. Дагы кайсы беренелерди кошуш керек болсо, тергөөнүн жүрүшүндө кошуп, тергей берет. Тергөөчү али Турат Акимовду толук сурай элек.

- Депутат Рыскелди Момбеков «Министр Мелис Турганбаев тергөөгө таасир этпеши, тоскоолдук кылбашы үчүн убактылуу кызматынан четтетилип туруш керек» деп айтты. Буга кандай дейсиз?

- Менин эч кандай күнөөм жок болсо, эмнеге тоскоолдук кылмак элем? Негизи, «Кыңыр иш кырк жылда» дегендей, бул иш ачылышы керек. Биз журналистке кол салган кишини сөзсүз табабыз. Себеби, бул чынын айтканда, баарыбыздын аброюбузга шек келтирип жатат. Анан эртең журналист кайсыл бир министрге өчөшүп калса, же экөө уруша кетип, анан башка бир жерден таяк жеп калса деле «баланча күнөөлүү, ошол заказ кылган» дей берсе туура болобу? Мен, тескерисинче, аракет кылып, кылмышкерди табышым керек. Алдыда мамлекетке, элге кыла турган көп жумуштарым бар. Кетсем, эртең ошол эле Момбековго окшогондор «мына, кетиришти, күнөөсү бар экен» деп чыгышат.

- Турат Акимов эмне үчүн кол салууну сизден көрүп жатат? Ортоңуздардарда биз билбеген дагы сырлар барбы?

- Менимче, мунун артында бир күч турат. Биринчиден, саясатка айландырып атышат. Экинчиден, акыркы эки-үч айдан бери менин ордума көзүн кызартып, министр боло калса эле жыргап кала тургансып, чуркап жүргөндөр көп. Ар бир нерсенин убагы келет. Эч кандай мотив жок болуп жатпайбы. Биз интернет булактарды, гезиттерди бүт карап чыктык. Мен жөнүндө жазбаса, же мен ал кишини мурда көрбөсөм... Экөөбүз көп болсо беш мүнөт сүйлөштүк.

- Интернетте сизге каршы жазылган сын материалдар кандайдыр бир команда менен кетип жаткандай сезилет...

- Кара пиар катары заказ кылып жатышат. Себеби, мен бүгүнкү күндө кээ бирөөлөр үчүн кекиртекке сайылган кылкан болуп атам. Чынын айтканда, мен көбүнө жакпайм. Өтө принципиалдуу маселелер көп. Эмне үчүн мен ачык айтып, ачык жүрөм? Себеби, артымда эч былыгым жок. Ошон үчүн ишенимдүү иштеп, таасирдүү жүрө алам. Эгер ыплас иштерге аралашып калсам, унчукпай, жашынып алып отура берет элем да, туурабы?
Айтмакчы, канча жолу журналисттерге кол салуу болгондо мен ачып бердим. Бир эле мисалды алалы, Сыргак Абдылдаевге кол салынган фактысын айтайын. Ал оңойлук менен ачылган жок да. Бакиевдердин кланы, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан кылмыштарды ачканбыз. Медет Садыркуловдун өлүмү сыяктуу көптөгөн оор кылмыштарды ачтык. Анан ошондой кылмыштарды жасаган кишилерди кармап, отургузуп жүрүп, өзүм ошондой нерсеге бармак белем? Экинчиден, мотив, негиз жок да. Мына, журналисттер, карапайым эл телефон чалып, «эч кыжалат болбоңуз, элдин сизге ою түз» деп айтып жатышат. Бакиевдин доорунда ушундай ыплас нерселер, жөнү жок жалаа жабуулар болчу эле. Мени кандай гана кордошту, бир кыздарга жалган жеринен арыз жаздырып, камаганга чейин барышты. Акырында сот актап чыкты го. Акаевдин учурунда да «60 миң сом жеп алды» деп жалаа жабышкан. Азыр да ошолордун ыкмасын кандайдыр бир саясий күчтөр кайталап жатышат. Эртең дагы бирөөнү ушинтип, ак жеринен күйгүзүп отурса не дейсиң? Буга чекит коюп, токтотпосок болбойт.

- Турат Акимовго байланыштуу кылмышты иликтөө кандай жүрүп жатат? Канча күндө ачылчудай?

- Эми мындай да. Ар бир кылмыш өзүнүн убагында ачылат. Аны биз «мынча күндө ачып коебуз» деп айта албайбыз. Кээ бир кылмыш үч мүнөттө, кээ бирлери үч күндө, кээ бирлери он күндө ачылат. Азыр балдар иштеп атышат. Кыргызда «Кыңыр иш кырк жылда» деген сөз бекеринен айтылган эмес да. Баардыгы тастыкталат. Турат Акимовго кол салуунун ачылышына эң биринчи мен кызыкдармын.

- Ал ИИМге ишенбей, ишти УКМК тергөөсүн талап кылган турбайбы. Кандай негизде?

- Ал жерде бир-эки киши иштеген жок да, бүтүндөй бир топ, түзүм иштеп жатат. «Он милиционер иштесе, анын бешөө Турганбаевге жан тартат» деп ойлосо, бешөө сатылбайт да эч качан. Мисалы, он журналисттин ону тең сатылып кетпейт да. Анын ичинде «өзүбүздүн позицияга туралы» деген беш-алты журналист бар да. Чынбы? Ушу сыяктуу эле биздики деле. Биз деле бычактын мизи менен жүрөбүз. Бул жерде милиция жалгыз иштеген жери жок, УКМКнын кызматкерлери менен чогуу иштешүүдө. Прокуратура көзөмөлгө алып, күнүгө эрте менен, кечинде сурап атат. Дагы эмне кылыш керек?

- Президент бул чуулганды өз көзөмөлүнө алган соң, иштин саясий жагы өзгөчөлөнүп калды окшойт...

- Ал киши деле ЖМКны бийликтин төртүнчү бутагы катары көңүл буруп жатат да. Мен деле журналисттерге карата кол салуу болуп, ыплас иштер жасалса, биринчилерден болуп реакция жасайм. Мына, бүгүнкү күндө биз сөз эркиндиги, демократия боюнча кыйла алдыда турабыз. Ушунун баарын акырын-акырындан, четинен ишти илгерилетип, элге кызмат кылып келатабыз да. Жеке эле журналисттер эмес, жалпы жарандардын коопсуздугу үчүн биз керт башыбыз менен жооп беребиз. Эмне үчүн Турат Акимов мени күнөөлөп жатканы түшүнүксүз. Саясат кылып атышат, душмандар көп. Мен канчалаган кишинин куйругун басып атам. Карапайым эл сыйлайт, сүйөт. Бирок, жактырбаган саясатчылар бар. «Жазында кантип кырдаалды олку-солку кылсак» деп күжүлдөшүп, сүйлөшүп жүрүшөт. Президент баштап, биз бүгүнкү күндө акырындан стабилдүүлүккө, тынчтыкка жана ынтымакка чакырып келатабыз. 2010-жылдан бери эмнелерди гана баштан өткөрбөдүк. Үйлөрүндө отуруп алышып, Ошто эки улутту кагыштырышты кээ бирөөлөр. Элибиз даанышман экен, «эй, кокуй!» деп токтоду. Мисалы, Карабах маселесин, армяндар менен азербайжандардын чыр-чатагын алып көрсөк, алиге чейин чечиле элек. Элибиздин даанышман, улуу экендиги ушундан эле көрүнүп турат. Канча кишилер каза болгондугуна карбастан элдешип, бүгүнкү күндө турукташууга алып келишти. Мунун баарына менин түздөн-түз катышым бар. Бир жылдай ошол жерде жүрдүм, эки элди элдештирип, тиягына да, биягына да тартпай. Андан тышкары, Бакиевдердин нака жүзүн ачтык. Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн баары тең өмүр бою соттолду. Англичанин Шон Дейлиге кол салгандарды да биз ачканбыз. ШИИБде иштеп турганда, Шон Дейли мага «Сизге ишенем, ушул ишти ачып бериңиз» деп кат жазган. ИИМде топ түзүп, акырындан ачпадыкпы. Павлюктун өлүмүнө байланыштуу ишти да аягына жеткирдик. Ал да күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен болгон. Кармап, камадык ошолордун баарын. Тобокелчиликке барып, башты канжыгага байлап коюп, акмактардын баары менен күрөшүп келатабыз. Анан менде душман көп болбогондо кимде көп болот? Мен кээде өзүмдү «басып жүргөн эле бута болушум керек» деп ойлоп коем. Кимиси эмне кылып коерун кайдан билесиң? Коркпой эле табышмактуу кылмыштарды ачып, беттерине баарын тастыктап айтып жүрөбүз да. Мен бир нерсени ачык эле айтып коеюн, бир ууч кишилер, менин кээ бир душмандарым айласы кеткенде ушуга барып атышат. Бүт баардыгын жасап көрүштү. Кара пиарларды кое берип көрүштү, жамандашты. «Жылдын аягында, жылдын башында жумуштан кетет» дешти. Атүгүл кээ бирөөлөрү «ушул болот» деп ордума киши даярдашты. Бирок, алардын тилектеринин баары таш капты. Анан эми ушуга өтүштү. Муну дагы ювелирно, тазараак жасашса кана! Бакиевдин учурунда кыздарга байланыштырып, иш козгошкондо, «ушинип уят болбой эле койбойсуңарбы» деп күлгөм. Садыркуловдун үйүнө кулак-мурун ыргытканда да ишти ачып, Жаныштын каарына ошондо калгам. «Жасасаңар кыйын болсоңор башкача жасабайсыңарбы, эми мени күнөөлөп атасыңар, мен эмне кылмыш ишин жаап коюшум керекпи? Анда, биз ушул структурада эмнеге иштеп жүрөбүз? Биз эмне деген мамлекетпиз?» деп коркпой-этпей эле айткам. Садыркуловду өрттөп салганда, эң биринчи мен баргам ошол жакка. Башкаларга да сабак болсун, деп ошолордун баарын ачыкка чыгардык го. Бүгүнкү күндө Бакиевдерге мен №1 душманмын, ачык эле айтып коеюн. Ыңгайы келген эле учурда алар мага кол салышат. Баса, Анапияевди да жабыштырып көрүштү. Эгер бир аз эле тиешем болсо, кыйкырып-өкүрүп чыгышмак. Мага анын өлүмүнүн эмне кереги бар? Ал өз өлүмүн өзү тапты. Күбө өзү келди, биз сурадык, кайтардык. Келип, тергөө иштерин жүргүзө беришпейби. Башкы прокуратура да, биз дагы жардам берүүнү айттык. Жакында Минскиде саммит болду, анда дагы айттым. «Келиңиздер, биз кызматташууга даярбыз» дедим. Адамды жөн жеринен каралап, кара пиар жасоо менен эч нерсеге жете алышпайт! Мен бир гана Кудайдан корком. Ошон үчүн жаман иштерге барбайм. Кудайдын каарына калсаң - бул эң оор жаза!

Кээ бирөөлөр өздөрү келип, тийишип алышат. Анан былыктарын алып чыксаң, таарынышат, моминтип жамандап жаза башташат. Пожайлуста, «мобул жерден уурдап атат, же жеп-ичип атат» деп далил табышсынчы. Табалбаган соң, бел курдан ылдый уруу ыкмасына өтүштү. Тескери иштер акыры билинет. Мага жамандык кылган киши оңбойт, аларды Кудай жазалайт. Бакиев режиминде мага кылмыш ишин козгогондо Жанышка айткам: «Мени ак жерден күйгүзүп атасың, сени Кудай жазалайт!» дегем. Мына, качып жүрөт, жазасын алганы ушу!Мындай мисалдар дагы толтура. Мен да кызматыман татыктуу кетким келет. Эртеңки күнү элдин алдында, президенттин алдында уят болбошум керек да. Менин ата-энем карапайм эле кишилер. Өзүм интернатта өскөм, өз эмгегим менен окуп, кыйналып жүрүп ушул даражага жеттим. Андыктан, мага карата «коркутам, ушинтсек эле кызматтан кетип калат» дегендер катуу жаңылышат. Мени коркута алышпайт!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3913
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу