Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Машыктыруучу Луиш Мартинш: «Алтын топту» жыл сайын Роналдуга бере бермекмин (маек)

Turmush -  Луиш Мартиншти жакшы билсеңиздер керек. А мына ал Криштиану Роналдуну жакшы билет.

Жаш Криштиану Роналдуну тарбиялаган машыктыруучунун аты Луиш Мартинш. Ал Португалиянын келечектеги капитаны 14 жашында аны менен өспүрүмдөрдүн «Спортинг» клубунда иштеген.

Оруссиялык «Чемпионат» басылмасынын кабарчысы менен Мартинш Лиссабондун борборундагы отелде жолугуп, дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири Криштиану Роналдунун мүнөзү кантип калыптанганы жөнүндө маектешкен.

«Мен аны (Роналдуну) 1999-жылдан бери билем. Анын азыркы мүнөзү академиянын убагындагыга окшош. Роналду дайыма өзүнүн максаттарына умтулуп, эрежени да бузуп койчу. Өзүнүн курагындагы балдарга тиешелүү болгон нерселердин баары анда да бар болчу, бирок аны менен катар ал дайыма өзүнүн кыялдарына багытталчу», - деп сөзүн баштады машыктыруучу.

– Кандай максаттар?

– Дүйнөдөгү эң ийгиликтүү футболчу болуу.

– «Реалдын» матчтарынын биринде Роналду, голду өзү эмес анын өнөгү Арбелоа киргизгенине капа болгон. Криштиану ийгиликке жетем деп максаттарына өтө эле берилип алган эмеспи?

– Бул дагы анын мүнөзүнүн бөлүгү. Ал дайыма атаандашта.

– Месси мененби?

– Өзү менен. Ооба, ал бир аз өзүмчүл. Бирок ошончолук таланттуу адамдар дайыма өзүмчүл болушат.

– Мына кечээ жакында Месси пенальтиден пас жасады, өзү теппей...

– А Месси канча жолу жээкке кетти эле? Андан дагы бешөөнө каршы. Бул туура. Таланттуу оюнчулар оюнду өзүнө алышы керек.

– Роналдунун академияда оор мезгилдери болгонбу?

– Бир жөнөкөй эмес абал болгон. Ага жүрөгүндө көйгөйлөр болгондуктан футбол ойноого тыюу салышкан. Ал жакта олуттуу эч нерсе болгон эмес, бирок тахикардияга байланыштуу ага күч келтирүүгө болбойт эле. Үч-төрт ай Роналду футболсуз жашады. Бул чынында оор мезгил болду. Ал футболго кайтып келеби, жокпу билбей турду. Кийин Роналду, бул окуя аны курчутуп, өсүүгө түрткү бергенин айтты.

– Ал ошондо канчада эле?

– 15 жашта.

– Абалды кантип чечүүгө мүмкүн болду?

– Ага жүрөгүнө операция жасашты.

– Биз Роналдунун жылаңыч төшүн көп жолу көрдүк го, анда бир дагы тырык жок.

– Анткени бул жеңил эле операция болгон. Доктурлар хирургиялык операция жасашкан эмес, лазердин жардамы менен ооруну айыктырууга мүмкүн болду.

pic_9bcb6d03b93a945a4bcc0d7959daf61f

– Айтмакчы, Роналду бала чагында кимге күйөрмандык кылган?

– Ал өзүнүн өткөн чагы менен бекем байланышта. Роналду Мадейрада төрөлүп, жергиликтүү клубдарга – «Андоринья» менен «Насьоналга» берилген. Бул ошол убакта. Азыр «Спортинг» менен «Манчестер Юнайтедди» көп эстейт. Анын Англияга көчүп барышы – уникалдуу окуя.

– Эмнеге?

– Анткени 18 жашта футболчулар өспүрүмдөр командаларында ойношот, а ал болсо топ-клубга жана топ-чемпионатка өтүп алды. Португалияда эч ким Роналдудай жаш кезинде мындайга жеткен эмес. Ал эрте кеткендердин биринчиси болду.

– Роналду Португалияда өлкөнүн президентинен да белгилүүбү?

– Албетте. Роналду футболчудан да жогору. Бул адам өзүнүн үй-бүлөсүнө жана өз жерине бекем байланып калган адам. Португалиялыктар өздөрүн Роналду менен, Португалия курамасынын капитаны менен жалпылаштырышат.

– Роналду академияда өзүнөн улуу балдар менен машыккыдай таланты ушунчалык ачык болгон деген чынбы?

– Ооба, дайыма. Кээде ал өзүнөн бир-эки жаш улуу балдар менен машыкчу. Мисалы, 16 жашында 18 жаштагылар үчүн ойноду.

- Жакында эле киевдик «Динамодон» Мигель Велозу менен баарлаштым. Ал «Спортингдин» өспүрүмдөр командасында баары эс алып уктап жатышканда, Роналду кантип талаага барып өз алдынча машыкчу айтып берди.

– Болгон ушундай. Ал керек болсо тартипти бузуп койчу. Биз бул боюнча аны менен катуу сүйлөштүк, Роналдуну жазалоого туура келди.

– Эмне болгон эле?

– Роналду көбүрөөк машыгууну каалачу. Жекшемби күнү эрте менен бизде оюн, ал болсо ишембиде кечинде жашырынып кароолдон өтүп, машыгуу залына барчу. Мен элестете албайм, ал кантип кароолчудан өтүп кетчү.

– Анан кимдер кармап алган?

– Кароолчулар байкап калышыптыр.

– Кантип жазаладыңыз?

– Аны сабаган жокмун (күлүп). Мындайга жол берилбешин, машыктыруучулар академиядагы футболчулардын жүктөмүн көзөмөлдөп турушаарын айтып түшүндүрдүм.

– Демек жазалоо болгон эмес?

– Мен ага айып салууга туура келди. Ошол айда ага стипендиясынын бөлүгү гана төлөндү.

– Андан кийин режимди бузган жокпу?

– Анда тандоо болбой калды да. Ал макул болууга туура келди, анткени мен дароо эле: «Эгерде ушундай кайталанчу болсо, кийинки матчка талаага чыкпайсың» дедим.

– Бул окуянын баары «Жозе Алваладе» стадионунда болгонбу?

– Ооба. 2002-жылга чейин ойногон эски аренада. Анда академиянын тарбиялануучулары уктап калышчу. Стадиондун айланасында талаалар бар болчу, «Спортингдин» бүтүндөй жашоосу бир райондо болду. Португалияда Евро-2004түн алдында стадиондорду кайра жасашты. Анын ичинде «Жозе Алваладени» да. Аренанын ачылышында «Манчестер Юнайтед» менен жолдоштук беттеш өткөрдүк. Дал ушул оюнда Алекс Фергюсон Роналдуга кызыгып калды.

1371295713_ronaldu-fergyuson

– Бразилиялык чабуулчу Вагнер Лав...

– Мен аны жакшы билем. Ал менин «Спортингиме» УЕФА Кубогунун финалында гол киргизди. Андан кийин мен түнү бою уктай алган жокмун.

– Ошол Вагнер «Палмейрас» базасына кызды ээрчитип келип, ошондон кийин Лав ылакап атын алган экен. Ал эми Криштиану номуруна кимди ээрчитип келчү эле? Жана анын кандай ылакап аты болгон?

– Эч кимди деле ээрчитип кебесе керек, анын ылакап аты бирөө эле болгон – Мадейренсе. Мадейралыктар аны акцентине карап ошентип аташат.

– Роналдунун акценти барбы?

– Болгон. Азыр ал акценти жок. Ал азыр Мадейренсега караганда испанча жакшы сүйлөйт.

– Бир нече ай мурун Криштиану Роналду жөнүндө документалдык тасма чыкты. Бир нерсе таң калычтуу. Роналду айтып жатат, Месси экөөнүн ортосундагы тирешүүнү – бул журналисттердин ойлоп тапканы деп. Бирок фильм Роналду менен Мессинин тирешүүлөрүнөн, алардын «Алтын топ» үчүн күрөшүүлөрүнөн түзүлгөндөй. Айтсаңыз, Роналдунун өзү үчүн Месси менен тирешүү барбы?

– Экөө тең – көрүнүктүү оюнчулар. Алар бири бири менен таймашып, башкалар муну сыйлашын каалаганы нормалдуу көрүнүш. Алар жакшы мамиледе, ал эми бардык пикир келишпестиктер артта калган. Тагыраагы мындай: эгерде алардын ортосунда кайчы пикирлер болгон болсо, алардын баары артта калган, эми, же азайды. Мына сиз үчүн кимиси мыкты - Роналдубу же Месси?

– Экөө тең...

– Жөн гана суроого жооп берсеңиз.

– Алар чынында экөө тең...

– Баары түшүнүктүү. Маек бүттү… Тамаша, албетте.

– Келиңиз мындай. «Алтын топтор» азбы-көппү акыйкаттуу бөлүштүрүлдү деп эсептейм. Акыркы жылы 7 олжо алып Месси мыктыраак болду.

– А мен үчүн Роналду дайыма мыкты бойдон калат. Мен «Алтын топту» жыл сайын ага бере бермекмин (күлүп).

– Ар бир португалиялык ушинтип айтат. Бул патриоттуулуктун ушундай формасыбы?

– Роналдуну урматтоо формасы. Ал – өлкөнүн символу жана футболдун символу. Португалия – анчалык чоң эмес өлкө. Бизде дүйнө жүзүнө белгилүү символдор көп эмес. Эгерде мен Россияга же Кубага, же иши кылып башка өлкөгө барып калсам, баары Криштану Роналду жөнүндө сурашат. Же макул, биздин өлкөнүн жетиштүү символдору бар: дүйнөдөгү мыкты футболчу, дүйнөдөгү мини-футбол боюнча мыкты оюнчу, дүйнөдөгү пляждык футболдун мыкты оюнчусу, жакында дагы дүйнөдөгү мыкты машыктыруучу болду. Бизде баары жаман эмес көрүнөт (күлүп).

Булак: championat.com

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4090
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×