Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Элдик уламыш: Айылына аты берилген Молдо Асан болуш падыша Александр II барып жолугушкан, - урпагы М.Акматбеков

Turmush -  Turmush басылмасына Талас облусундагы Молдо Асан айылы тууралуу маалымат жарыялангандан кийин Молдо Асандын урпагы болгон Манас Акматбеков редакция менен байланышып, атасы тарыхта орду бар инсан болгондугун, ал жөнүндө элге туура жана кенен маалымат жетишин камсыздап берүүнү суранды. Манас Акматбеков менен Молдо Асан тууралуу маек курдук.

- Молдо Асан ким болгон?

- Молдо Асан 1815-жылы Таластын мурдагы Жийде азыркы Молдо Асан айылында төрөлгөн. Уруусу кытай. Бийликке 1840-жылдары келген. Болуш болгон. Атам жаш кезинде Ташкентке барып медреседе окуган. Ошол жактан сабаты жоюулуп келген. Ошон үчүн Молдо Асан атыккан. Абдан чечен киши болгонун айтып жүрүшөт.

20160209_164545

Молдо Асандын Москвадагы архивден табылган сүрөтү

 - Ал туулган Жийде айылынын аты Молдо Асан деп өзгөртүлүптүр. Качан өзгөртүлгөн?

- 2000-жылы элдин сунушу менен Молдо Асан деп өзгөртүлдү. Расмий документтерде баардык жактарда Молдо Асан айылы деп аталат. Айылдын аталышын өзгөртүүдө эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Айылда 4 атанын балдары жашайт. Түбү барып баары бир атанын балдары болушат.

- Айылда канча түтүн эл жашайт?

- Азыр 1900 түтүн эл жашайт. Чоң айыл.

- Молдо Асан тууралуу тарыхта маалымат аз. Сиздер ал киши тууралуу китеп чыгартыпсыздар. Маалыматтарды кайдан, кантип таптыңыздар?

- 1985-жылы чоң атам Умарбек көз жумар алдында мени айылга чакырды. Мен эң улуу небересимин. Чакырып Молдо Асан атам тууралуу айтып берди. «Биздин чоң атабыз манап киши болчу. Мен өмүр бою коммунисттер менен жашап, атабызга эстелик койгон жокмун, китеп чыгарткан жокмун. Атабыз башка жакка Кара-Бууранын оозуна коюлуп калган. Арбакты үйгө алып кел балам. Заман да өзгөрөт», - деди.

1998-жылы түшүмө чоң атам кире берчү болду. Анан мага айткан сөздөрүн эстедим. Чоң атам керээзин айткан учурда 19 жаштагы гана бала болчумун. 1998-жылы мен Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп калгам. Анан элге барып, кеңеш кылып андан кийин чоң атама эстелик тургуздук. Элүүбай Отунчиевге айтып китебин чыгарттык. Бул киши Ташкентке барып архивден чоң атабыз тууралуу маалыматтарды таап «Молдо Асан» деген тарыхый роман жазды.

20160209_164758

Элүүбай Отунчиев жазган китеп

Мен өзүм Москвага барып, «Кыргызы и каракиргизи Сыр-Даринский области» деген китепти таап, андан чоң атамдын сүрөтү менен ал жөнүндөгү маалыматтарды таптым.

20160209_164646

20160209_164706

- Кийин советтик бийлик келгенде атаңыздын үй-бүлөсү, туугандары кулакка тартылып жабыр тарткан жокпу?

- Тартты. Молдо Асандын агасы Тойчубектен балдарынын арасынан Ташкара деген болуш чыгат. Аны Оренбургга кулакка тартып, алып кетишет. Ташкара атабыз ошол жактан кайтыш болгон.

- Молдо Асан Мосвага Александр II падыша болгон аземине барыптыр. Ушул боюнча айтып берсеңиз

- 1867-жылы Москвага падышага барууга кыргыз-казактан 6 адам тандалат. Алтоонун арасында Молдо Асан, Байтик баатыр да болгон. Алтоону биринчи Ташкентке алып барышып, инструктаж беришет. Оренбургдан алтоонун ичинен 3 кишини кайра артка кайтарып жиберишет. Калган үчөө Москвага жөнөйт. Падышага Байтик баатыр алтын куймаларды алып барган болот. Казактын Сыпайтай султаны карышкыр ичик тартуулайт. Молдо Асан кутучага салынган алтын ачкыч берет. Падыша Александр II бул эмне ачкыч экендигин сурайт. Атабыз: «Бул ачкыч түндүк кыргыздардын бийлигинин ачкычы. Мен түндүк кыргыздардын манаптарынын атынан бизди Россиянын курамына кабыл алууну суранып келдим», - деп жооп берет. Мындайча айтканда элчи катары барган.

Биздин атабыз Москвага Шабдан баатырдан биринчи барган. Молдо Асан Шабдан баатырдан 10-15 жаш улуу болгон.

- Эл ичинде Молдо Асандын саясий ишмердүүлүгү жөнүндө айтылып жүргөн маалыматтар барбы?

- Молдо Асан Москвадан келгенден кийин Чүйдүн, Суусамырдын, Таластын манаптарын чакырып жыйын кылганы айтылып жүрөт. Ошол жылы казактарда жут болуп, Жантай казактарга мал бакканга убактылуу жайыт берет. Жантай 40 байталга жер сатты деген туура эмес маалымат тарап кетип, Суусамырдын манаптары Жантайга ошол жыйында күнөө коюшат. Байтик баатыр Жантайга болушуп чатак ырбап кете жаздайт. Анан Молдо Асан чатак чыгып кетерин билип, Жантай жерди сатпагандыгын, убактылуу жайыт бергендигин, казактар ыраазычылык катары 40 жылкы тартуулагандыгын айтып манаптарды чатакташуудан сактап калат.

1869-70-жылдардын айланасында Кетмен-Төбөдө көтөрүлүш чыгып, эч ким элди токтото албай жатканда атабыз барып элди токтоткону айтылып жүрөт.

- Молдо Асандын тарыхтагы ордун так көрсөтүү үчүн кандай пландарыңыздар бар?

- Бийлик бул жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялады. Быйыл бир топ тарыхый инсандардын мааракелери мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Бирок ар бир аймакта белгилүү тарыхый инсандар бар. Баарына тең карап аймактык деңгээлде иш-чаралар өткөрүлсө жакшы болот. Быйыл Молдо Асанга 200 жыл болот. Ошондуктан урпактары быйыл чоң эскерүү иш-чарасын өткөрүбүз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4216
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×